Согушка жүз күн болду. Израиль Газада өз максаттарына жеткен жок

Израил Палестинанын Газа тилкесиндеги 100 күндүк согушта буга чейин айткан максаттарына жете алган жок, барымтадагылар бошотула элек, ал эми палестиндер дээрлик толугу менен оккупацияланган анклавдын түндүгүнөн кол салууларын да улантууда.

Бул тууралуу жазуучу жана саясий серепчи Мхаймер Абу Саада 100 күндүк согуштун жыйынтыгы боюнча РИА Новости агенттигине берген комментарийинде билдирди.

“Израиль Газа тилкесинде палестиналыктардын 4%га жакынын өлтүрүп, жарадар кылды, ошондой эле үйлөрдүн жана жарандык инфраструктураларынын 70%га жакынын талкалады. Бирок Израил аскердик күчтүн жардамы менен дагы деле ХАМАСты жана анын аскердик потенциалын жок кыла элек жана барымтадагыларды бошото элек», – деди Абу Саада.

Ал Израилдин максаттары бул согуштун башында эле белгиленгенин, алар ХАМАСты жок кылууну, кыймылдын өкүлдөрүн бийликтен кетирүүнү жана израилдик барымтадагыларды бошотууну камтыганын, бирок булардын бири да ишке ашпаганын эске салды.

“Израиль Газанын дээрлик бардык түндүк тарабын жана Газа өрөөнүнүн түндүгүн оккупациялап алды, бирок түндүктөгү палестиналыктардын каршылыгы токтой элек. Израилдин армиясы борбордук бөлүк жана чыгыштагы Хан-Юнисти көздөй илгериледи. Бул согуштун акырында Израиль Газа тилкесин кайрадан толугу менен оккупациялап алышы мүмкүн, бирок Палестинанын каршылыгы багынбайт жана күрөштү улантат, бирок, сыягы, израилдиктер палестиналыктарды Газа тилкесинен сүрүп чыгаргысы келет», – деп кошумчалады талдоочу.

Анын айтымында, палестиналык каршылык Израилдин ички саясий деңгээлинде өзүнүн күн тартибин таңуулап, өлкөнүн саясий жана аскердик жетекчилигинин ортосунда ажырымды жаратып, Израилде барымтага алынган бардык израилдиктерди бошотуу боюнча ХАМАС менен келишим түзүүгө чакырган коомдук пикирди жарата алды. Бирок, палестиналык кыймыл үчүн, алардын ок атышууну токтоосуз токтотууга болгон жалпы каалоосуна карабастан, израилдик барымтадагыларды палестиналык туткундардын ордуна гана бошотуу артыкчылыктуу болуп саналат деп эсептейт саясат таануучу.

Ошол эле учурда, Абу Саада Газадагы 100 күндүк аскердик аракеттер сектордун калкы үчүн өтө оор гуманитардык шарттарга алып келди, Газанын көптөгөн жашоочуларынын тамак-ашы жок, алынган гуманитардык жардам жетишсиз болуп жатканын кошумчалды.

Палестина-Израиль жаңжалы

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль чабуулга жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган.

Октябрдын аягында Израилдин анклавдагы операциясынын кургактагы этабы башталды. Газа шаарын Израилдин кургактык күчтөрү курчоого алып, анклав иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүктөргө бөлүнгөн. Бир эле учурда Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандагы Хезболла кыймылынын буталарына абадан сокку урууда.

ХАМАС жетекчилигинин мүчөсү Усама Хамдан буга чейин Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 29 722ге жеткенин, анын ичинде 10 000ге жакын бала жана 7 000дей аял бар экенин, дагы 58 166 адам жарадар болгонун билдирген. Ал ошондой эле кеминде 7000дей газалык дайынсыз экенин кошумчалаган.

Израиль менен ХАМАС 22-ноябрда Катардын ортомчулугу менен биринчи масштабдуу келишимге жетишкен: тараптар согуштук аракеттерди төрт күнгө токтотууну жана бири-биринде кармалып турган ондогон барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну макулдашкан.

Төрт күндүк элдешүү 24-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө (Москва убактысы боюнча 08.00) башталып, андан кийин эки жолу – адегенде эки күнгө, анан дагы бир күнгө узартылган.
Тараптардын гуманитардык элдешүүсү 1-декабрь күнү эртең менен аяктаган жана анын узартылышы расмий түрдө жарыялана элек. Израилдин коргонуу күчтөрү (ЦАХАЛ) ХАМАС кыймылы согуштук тыныгууларды бузууга айыптап, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерин кайра баштаганын билдирген.

Гуманитардык тыныгуу учурунда ХАМАС 78 израилдик аялдар менен балдарды, ошондой эле башка өлкөлөрдөн барымтадагы 30 адамды бошотту. Өз кезегинде Израиль абактарынан 240 палестиналыкты бошотту, алардын көбү аялдар жана балдар. Алгач барымтадагы 50 израилдикти 150 палестиналык туткунга алмаштыруу пландалган.

Комментарий жиберүү