Кыргыз элинин атынан Палестинага 5,5 тонна гумжардам жеткирилди

Кыргыз элинин атынан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.  Гумжардамды жеткирүүнү өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач министр, генерал-майор Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы, генерал-майор Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан.

Өз кезегинде, Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген.

ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардамды Россиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 22-23-декабрь күндөрү жеткирген. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, гумжардам Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган.

Соңку маалыматтарга ылайык, Газага карата Израил армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам, кеминде 23 000 адам каза табып, 57 миңден ашуун адам жаракат алган. Бул сан күндөн -күнгө өсүүдө. Шаардын 60% инфраструктурасы кыйрап, качкындардын лагеринде тамак- аш, дары-дармек жана суунун жетишсиздигинен улам, ачарчылык кескин түрдө күч алган.

Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык крисиз, аймакта жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келип жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда.

Өз кезегинде Кыргызстан тараптардын тез арада сүйлөшүү жана түшүнүшүү жолу менен абалды жөнгө салып, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип жаткан согуш токтойт деп ишеним артат.

Эске салсак, былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, согуштук аракеттер токтоосуз жүрүп жаткан Газа тилкесинде зордук-зомбулукка кабылып жаткан калктын кыйынчылыгын жеңилдетүү максатында, Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Мындан тышкары, КР Финансы министрлиги Газа секторунун жарандарына жардам берүү үчүн каражат топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачкан. Эсеп ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан Газанын элине жардам чогултуу максатында ачылган.

Комментарий жиберүү