Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.

Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Мындан мурда, 12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу өткөн.  Анда Ташиев тараптар айрым чек ара аймагы боюнча орток пикир табышканын мындай деп билдирген:

“Анын ичинде Максат айылынан баштап “встреча” аймагына чейин (Арка айылынын чети) 15 чакырымдык жер боюнча бир чечимге келдик. Эми биздин комиссия бул келишим боюнча кол коюшу керек. Биз мындай чечимге канааттандык”, – деди ал.

Ятимов да тараптар Кулунду-Максат-Арка аймагы боюнча принципиалдуу чечимге келишкенин жана бул боюнча протоколдун долбоору даярдалганын айткан:

“Биз Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев менен маанилүү учурларды, принципиалдуу маселелерди талкууладык. Мында өтө маанилүү болгон Кулунду-Максат-Арка багыты боюнча да сөз болду. Бул боюнча биз протоколдун долбоорун даярдадык, буга бардык тараптар макул болду. Ошентип биз алгылыктуу кадам таштадык. Биз Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо процессин аягына чыгаруу боюнча мамлекет башчыларыбыздын, элдин талабын аткарып, иш алып барып жатабыз”.

К. Ташиев менен С. Ятимовдун өткөн жылдагы жолугушуусунда тараптар эки өлкөнүн чек арасынын 90%дан ашыгы макулдашылгандыгын, дагы бир нече жолугушуудан кийин толук макулдашуу күтүлүп жаткандыгын билдиришкен.

Комментарий жиберүү