Дүйнө жаңы пандемияга даярданууда. “X оорусу” коронавирустан 20 эсе коркунучтуу болушу мүмкүн


Адамзатты “X оорусу” күтүп жатабы? Бүткүл дүйнө жаңы пандемияга даярданышы керектигин Дүйнөлүк Экономикалык Форумунан (WEF) билдиришкенин Lenta.ru агенттиги жазды.

2024-жылдын 15-январынан 19-январына чейин Швейцариянын Давос шаарында өтө турган Дүйнөлүк Экономикалык Форумда (WEF) коронавирус пандемиясынан 20 эсе көп өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон табышмактуу “X оорусун” талкуулоо пландалууда.

«Х оорусуна даярдык» аттуу жолугушууда саламаттыкты сактоону алдыда турган көптөгөн чакырыктарга даярдоо үчүн зарыл болгон чаралар каралат.

ТЕМА БОЮНЧА:
Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырды
Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырды
08.01.2024
Ага Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс, Бразилиянын саламаттыкты сактоо министри Тринадде Лима жана башка саламаттыкты сактоо жаатындагы спикерлер катышат.

Жалпысынан алганда, “X оорусу” абстракттуу оору болуп эсептелет. Мындан тышкары, ал эпидемияга же пандемияга алып келиши мүмкүн болгон белгисиз патогенди билдирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) “X оорусун” 2018-жылы эле артыкчылыктуу оорулардын тизмесине киргизген. Бул чечим жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн болгон патогенди изилдөөнү тездетүү жана күчөтүү максатында кабыл алынган. Терминдин аталышындагы “X” “күтүлбөгөндүк” дегенди билдирет. Мисалы, мындай учур COVID-19ду пайда кылган SARS-CoV-2 штаммы менен болгон. Эксперттер COVID-19ду пайда кылган штамм “X оорусу” болушу мүмкүн экенин айтышкан. 2024-жылдын башында, ДССУ жаңы илдет COVID-19га караганда 20 эсе көп өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Жаңы пандемиянын тобокелчиликтери тууралуу биринчи жолу айтылып жаткан жок

Окумуштуулар өлүмгө да алып келе турган “X оорусу” пайда болушу мүмкүн экенин 2021-жылы эле айтып чыгышкан. Анда Конгодо геморрагиялык ысытма оорусунун алгачкы белгилери бар бейтап аныкталган. Ал кезде эксперттер бул оору COVID-19 сыяктуу жугуштуу экенин жана Эболага салыштырмалуу анын өлүмгө алып келүү тобокелчилиги 50-90 пайызга чейин жетиши мүмкүн деп болжошкон.

Роспотребнадзор Конгодогу өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон “X оорусу” боюнча маалыматтарга комментарий берген. Оору тууралуу Россиянын мурдагы башкы санитардык дарыгери Геннадий Онищенко да билдирген. Ал профессионалдык коомчулук, атап айтканда, ДССУ бул окуяга катуу көңүл буруусу зарыл экенин, ошондой эле жаңы инфекциялар пайда болушу мүмкүн экенин, анткени ал эволюция процессинин бир бөлүгү экенин айткан.

Кийинчерээк, 2023-жылдын март айынын башында ДССУнун эпидемиологу Ричард Пибоди дүйнөнү куш тумоосунун пандемиясы каптап кетиши мүмкүн экенин айткан. Ал инфекция адамдар арасында жайылуу жөндөмүнө ээ болот деп айткан. Пибоди өзгөчө канаттуулар фабрикасынын жумушчуларын коргоодо кыраакы болууну сунуштаган.

Эске салсак, ДССУ 2023-жылдын май айында 2020-жылдын 11-мартынан бери күчүндө болгон COVID-19дун пандемия статусун алып салган. Бул мезгил аралыгында дүйнө жүзү боюнча 6,9 миллион адам анын курмандыгы болду.

Роспотребнадзор Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун күн тартибине киргизилген “X оорусу” жөнүндөгү диалог илимий эмес, экономикалык мотивдерге ээ болушу мүмкүн экенин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Роспотребнадзордун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда “X оорусунун” патогени али жетиштүү изилдене элек, ал эми эл аралык коомчулук маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун көңүлүн бурууга дайыма аракет кылып келет. Мындан тышкары, короновирус пандемиясы аяктагандан кийин, ДССУ келечектеги коркунучтарды негиз катары көрсөтүп, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо архитектурасын реформалоо зарылчылыгы идеясын жайылтууга аракет кылып, келечектеги коркунучтарды жүйө катары келтирип, дүйнө аларга даяр эмес экенин айтып, уюмду каржылоону көбөйтүүгө чакырууда.

Ошол эле учурда Роспотребнадзор Россия өз кезегинде ар кандай мүнөздөгү биологиялык коркунучтарга, анын ичинде “X оорусуна” каршы туруу жана аларга өз убагында жана адекваттуу жооп кайтаруу үчүн бардык зарыл потенциалга ээ экенин билдирди.

Комментарий жиберүү