Абдоллахиан: Иран Жакынкы Чыгыштагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнө буйрук берген жок

Жакынкы Чыгыш аймагындагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө, Тегеран аларга буйрук берген жок, деп билдирди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан.

«Аймактагы, анын ичинде Йемендеги каршылык көрсөтүү күчтөрү өз алдынча жана өз кызыкчылыктарынын чегинде аракеттенүүдө жана Иран Ислам Республикасы аларга буйрук берген жок”, – деген Иран министринин сөзү ведомствонун расмий сайтында келтирилет.

Буга чейин бир катар америкалык аткаминерлер Иран йемендик хуситтерге Кызыл деңиздеги кемелерге кол салууда колдоо көрсөтүп жатат деп айыптап чыгышкан. Иран бийлиги соккуларга эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

Амир Абдоллахиандын айтымында, эгер Сирия менен Ирактагы каршылык “Ислам мамлекет” террордук уюмуна жана терроризмге каршы күрөштө түзүлбөгөндө, бүгүн Сирия менен Ирак таптакыр башкача болмок. Ошол эле учурда, эгер каршылык күчтөрү аймактын коопсуздук системасынын өзөгүн түзбөгөндө, Израиль чек араларынан чыгып, аймак башка шарттарга туш болмок.

Мындан тышкары, ирандык аткаминер Израиль Газа тилкесин үзгүлтүксүз бомбалоосун 100 күн болгонун, ал мезгил аралыганда 25 миңден ашуун палестин, өзгөчө аялдар жана балдар өлтүрүлгөнүн, бирок ага  карабастан, Тель-Авив башында белгиленген максаттарынын эч бирин ишке ашыра алган жок деди.

Ал АКШнын израилдик режимге кеңири колдоо көрсөтүүсүн АКШнын чоң жаңылыштыгы катары баалап,  Израиль режими жана анын колдоочулары ХАМАСты кыска убакыт ичинде жок кыла алабыз деп ойлошконун, бирок бул такыр туура эмес эсеп болгонун белгиледи.

2023-жылдын октябрында Палестинанын Газа тилкесинде Израилдин согушунун башталышы менен Йемендин түндүгүндө башкаруучу “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) Израилге каршы турууда активдүү позицияны ээледи. Тактап айтканда, хуситтер Израиль менен байланышы бар кемелердин Кызыл деңиз жана Баб аль-Мандеб кысыгынын суулары аркылуу өтүшүнө жол бербей, аткылап жатышат.  Мындан улам  кээ бир эл аралык жүк ташуу компаниялар Кызыл деңиз, Суэц каналы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу товарларды ташууну токтотушту же жүк ташуу маршруттарын өзгөртүшүүдө. Буга байланыштуу АКШ Кызыл деңиздин түштүгүндө коопсуздукту камсыздоого багытталган деңиз коалициясын түзүп, операция жүргүзө баштаган.

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен хуситтердин бир катар объекттерине сокку урду. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган. Хуситтер массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айтып коркутту.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Чафи АКШ менен Британиянын  Йеменге жасаган чабуулун өзүм билемдик, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузуу болуп саналарын билдирген.

Комментарий жиберүү