Исландияда вулкандын атылуусунан чыккан от Гриндавик шаарына агып кетти

Исландиянын түштүк-батыш бөлүгүндөгү  Рейкьянес жарым аралындагы Гриндавик шаарына жакын аймакта вулкан атыла баштады.

Исландиялык RUV телекомпаниясынын маалыматы боюнча, жекшемби күнү  Гриндавиктин жанында жердин эки жаракасы пайда болгон – алардын бири шаардан болгону 50-100 метр аралыкта жерден атылып чыгып, оттун агымы чыга баштаган.

Оттуу агым  Гриндавикти каптай баштагандан кийин бери дегенде эки турак үй күйүп кеткендигин журналисттер тартып алган видодон көрүүгө болот.

Бул Гриндавиктеги акыркы айдагы экинчи вулкандын атылуусу. Мындан мурдагы атылуу 18-декабрда башталган. Анда от шаарга жеткен эмес.

Гриндавиктин жашоочулары биринчи атылуу болгонго чейин эле эвакуацияланган. Шаарда төрт миңге жакын адам жашачу. Декабрдагы вулкандын атылуусунан кийин бийлик 200гө жакын жергиликтүү жашоочуларды шаарга келүүгө уруксат берген. Бирок экинчи ирет атылуу болордун алдында алар кайрадан шаардан чыгарылды.

Мындан тышкары акыркы жумада вулкандын тегерегине оттуу агымды шаардан башка тарапка буруп кете турган топурак жана таштан коргон курулган. Бирок күчтүү оттун агымы бул тосмолорду жарып кетти.

«Адамдардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок, бирок инфраструктура талкаланышы мүмкүн », — деп жазды Х соцтармагында Исландиянын президенти  Гвюдни Йоуханнессон  Гриндавиктеги табигый кырсык тууралуу. Ал ошондой эле вулкандын атылуусу Исландиянын аба каттамына зыян келтирбегендигин кошумчалады.

Комментарий жиберүү