Казакстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын биргелешкен ири машыгуусу болот

2024-жылы Казакстанда куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максатында Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын катышуусунда ири масштабдагы аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министрлиги билдирди.

«Быйылкы жылы биздин өлкөнүн аймагында беш мамлекеттин катышуусунда ири масштабдуу аскердик машыгуулар болуп, ал жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүүгө тийиш», – деп билдирди өлкөнүн коргоо министрлиги.

Казакстандын коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын  начальниги Марат Хусаинов бул машыгууларды өтө маанилүү деп атады.

«2024-жылы 160тан ашык ыкчам жана 70тен ашык күжүрмөн машыгуулар пландаштырылган.  Алардын арасынан өтө маанилүүсү Аскер-деңиз, Аскер-аба күчтөрүнүн катышуусундагы  «Бірлестік», аймактык командачылыктын  «Батыш» деп аталган атайын күчтөрдүн операциялык жана Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттеринин катышуусундагы машыгуулар болуп саналат», – деди ал.

Мындан тышкары, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, генерал Сагадат Нурмагамбетовдун жүз жылдыгын майрамдоонун алкагында Алматыда биринчи жолу КМШ аскер кызматкерлеринин казак улуттук күрөшү боюнча чемпионат болот.

Аскердик машыгуулар жана спорттук мелдештердин кайсы мезгилде өтөрү тууралуу маалымат берилген эмес.

Комментарий жиберүү