Бишкектеги тик учак кырсыгы. Жабыркагандардын саны 10го жетти

Бишкектин четинде Ми-8 тик учагынын кыйрашынан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришкенин “Кабар” агенттиги жазды.

Буга чейин бир адам каза болуп, 8и жабыркаганы маалымдалган.

“Жабыркаган 10 адамдын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, анын экөөсүнүн абалы өтө оор деп бааланууда, алты адам орточо жаракат алган”, – деп айтылат маалыматта.

«Кактус Медиа» тик учак кулаган аймактан тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Учурда КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн жана Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан бул окуянын жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет.

Комментарий жиберүү