Пакистандын президенти Ариф Алвинин билдирүүсү

Пакистандын президенти Ариф Алви Иран менен тирешүү күчөгөндөн кийин Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок өз жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын айтты.

Президент Алви жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Пакистандын улуттук коопсуздугу жана жеринин бүтүндүгүнөн баш тартпай турганын баса белгилеп, Пакистан армиясынын Ирандын Систан-Белужистан аймагындагы «террорчулардын баш калкалоочу жайларына» чабуулун мактады.

Тегеран менен бир тууган өлкө экендиктерин, бирок жерлерин коргоо үчүн бардык чараларды көрө тургандарын белгилеген Алви, жок кылынышы үчүн глобалдык аракеттерди талап кылган террордун орток көйгөй экенине токтолду.

Пакистандын бардык мамлекеттердин эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн толугу менен сыйлаганына көңүл бурган Алви, берки өлкөлөрдүн да эл аралык укукту бузбоосун күткөндөрүн айтты.

Алви Иран менен маселелердин диалог жана өз ара кеңешүү жолу менен чечилиши керектигине көңүл бурду.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Систан-Белужистан провинциясындагы “террорчулардын жашынган жерлерине” каршы координацияланган жана атайын максаттуу бир катар кылдат аскердик чабуулдардын ишке ашканын жарыялаган.

Билдирүүдө чалгындоого негизделген операцияда көптөгөн «террористтердин» жок кылынганы белгиленген.

Пакистандын Ирандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү, Систан-Белужистан провинциясына жасалган кол салуу боюнча малымат берүүсү үчүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Иран болсо чек ара аймагындагы бир айылга Пакистандын ракеталык кол салуусунда 3ү аял, 4ү бала 7 кишинин каза болгонун кабарлаган.

Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берген Систан-Белужистан провинциясынын губернаторунун орун басары Али Реза Мерхамети, Пакистандын эртең менен провинциянын чек ара аймагындагы бир айылга ракеталык чабуул жасаганын билдирген.

Ирандын жарым расмий Тесним маалымат агенттиги болсо 16-январда Жайшул Адл уюмунун Пакистандагы лагерлерлеринин ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынганын жарыялаган.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги, Ирандын 16-январда чек арадагы Белужистан провинциясынын Панджгур аймагына абадан кол салуу уюштурганын, 2 бала каза болуп, 3 кыз баланын жараланганын билдирген.

Комментарий жиберүү