Пакистан Иранга сокку урду. Өзөктүк держава өз аймагындагы чабуулга жооп кайтардыбы?

Пакистан Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” бир катар сокку урду. Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомство аскердик операциянын натыйжасында бир нече согушкер жок кылынганын билдирди.

Ирандын Пакистан менен чектеш Сераван аймагындагы бир нече аймактарда жарылуулар болгонун ирандык “Mehr” агенттиги провинция губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Алиреза Мархаматиге таянуу менен билдирди.

“Франс Пресс” агенттиги Пакистандын чалгындоо кызматынын өкүлүнө шилтеме берип, пакистандык аскерлер коңшу өлкөнүн аймагында «антипакистандык топторго» сокку урганын маалымдады.

Пакистан ТИМи Исламабад Ирандагы “жашырынып жаткан террорчуларга” бир нече ирет таамай сокку жасап, “террорчулар” жок кылынганын билдирди. Миинстрлик Ирандын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын жана чабуулдун максаты Пакистандын коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу экенин билдирди.

ТИМ тараткан билдирүүдө Иран тарапка анын аймагында “пакистан тектүү террорчулар” (өздөрүн сармачарлар – Белужистан боштондук армиясы) жашырынып жүргөнүн эскертип келгенин, бирок Тегеран ал кишилерге каршы эч кандай чара көрбөгөнү айтылган.

9 киши мерт болду. Иран Пакистандан түшүндүрмө талап кылды

Иран Исламабаддан Систан жана Белужистан провинциясына жасаган ракеталык чабуулдар боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылганы, “Tasnim” агенттиги маалымдар булакка шилтеме берүү менен билдирди.

«Иран Пакистан бийликтеринен бул окуя боюнча (Систан жана Белужистанга ракеталык сокку уруу – ред.) тез арада түшүндүрмө берүүнү талап кылат», – деген булактын сөзүн “Tasnim” агенттиги келтирет.

Систан жана Белужистан провинциясынын губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Алиреза Мархамати Пакистандын ракеталык соккуларынан улам чектеш аймактагы эл жашаган жайда Иран жараны болбогон тогуз киши көз жумганын билдиргенин “Mehr” агенттиги жазды.

Буга чейин жети киши каза болгону маалымдалган.

«Бүгүн таңкы саат 4:05дер чамасында бир нече жардыруулардын үнү угулду… Биздин чек арадагы айылдардын бирине Пакистан тараптан ракеталык сокку урулду… Бул окуяда Иран жарандары болбогон үч аял жана төрт бала каза болду», – деди Мархамати.

Ал кошумча маалыматтар жакынкы сааттарда жарыяланарын билдирди.

Ирандын Ирак, Сирия жана Пакистанга жасаган соккусу. Бул өлкөлөрдүн жообу

16-январь күнү Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу Пакистандын аймагына ракета жана дрон менен сокку урган. Өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары бутага Пакистандын Иран менен чектеш Белужистан провинциясында жайгашкан «Жайш ал-Адль» согушкерлер тобуна тиешеси бар деп эсептелген эки объект алынганын маалымдашкан. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Ирандын чабуулунда эки бала каза болуп, дагы үч адам жарадар болгон.

Исламабад Тегерандын чабуулун кескин айыптап, 17-январда ал өлкөдөн өзүнүн элчисин чакыртып алды, ошондой эле Ирандын дипломатиялык миссиясынын башчысы азырынча Пакистандагы ишин уланта албасын билдирди.

Исламабад бул чабуулду «мыйзамсыз акт» деп атап, ал «олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгын» эскерткен.

Андан бир күн мурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын жана Сириянын түндүк аймагына баллистикалык ракета менен сокку урган.

Ирандын маалыматы боюнча, сокку Ирактын Күрдистан автономиясынын борбору Эрбилдин жанындагы израилдик “тыңчылардын борборуна”, ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен байланышы бар объектилерге урулган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Сириядагы согушкерлерди аткылоо жакында эле 3-январда Керманда болгон террордук чабуулдар үчүн өч алуу актысы болгонун белгилешти. Ал терактта 100дөн ашуун адам каза тапкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “ИМ” террордук уюму өзүнө алган.

Ирак Иран бийлигинин аракетин айыптап, жакын арада Коопсуздук Кеңешине арыз менен кайрылууга убада берди. Мындан тышкары, Багдад Тегерандагы элчисин чакыртып алып, Ирактын Тышкы иштер министрлиги Ирандын убактылуу ишенимдүү өкүлүнө нота тапшырды. Чабуулду Ирактын Күрдистан бийлиги да айыптаган.

Комментарий жиберүү