Хуситтер террордук уюмдардын тизмесине киргенине карабай, кемелерди аткылоону улантарын билдирди

Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) террорчулардын тизмесине киргенине карабай, АКШнын аскерий жана коммерциялык кемелерине чабуулун уланта берет, деп Йемендин түндүгүндөгү башкаруучу кыймылдын Саясий бюросунун мүчөсү Хузам ал-Асад РИА Новостиге билдирди.

Бир күн мурда хуситтер Аден булуңунда америкалык жүк ташуучу кемеге чабуул жасоочу учкучсуз учак менен кол салышкан. Кеме зыянга учураган, бирок багытын уланткан.

Ошол эле күнү Америка Кошмо Штаттары “Ансар Аллахты” коммерциялык кемелерге кол салууларды улантып жатканы үчүн эл аралык террордук уюмдардын тизмесине кайтарган.

«АКШнын бизди террордук уюмдардын тизмесине киргизишин Газа тилкесиндеги Израиль тарабынан геноцидге дуушар болуп жаткан палестиналыктарга колдоо көрсөтүү боюнча биздин позициябыздан чегиндирүү максатында жасалган саясий шантаж деп эсептейбиз”, – деди Хузам ал-Асад.

Анын айтымында, АКШнын чаралары “Ансар Аллах” кыймылын токтото албайт, ал “Газадагы бир туугандарына ар тараптан колдоо көрсөтүүнү улантат”.

“Йемендин Аскер-деңиз күчтөрү Израилдин кемелерине, ошондой эле Израиль менен байланышы бар башка кемелерге Кызыл жана Араб деңиздерине кирүүгө тыюу салууну улантат. Ал эми америкалык кемелерге, аскердик же коммерциялык болобу, ошондой эле Кошмо Штаттардын кызыкчылыгында иштеген башка кемелерге да биздин күчтөр тарабынан чабуулдар болот»,-деди ал.

Аль-Асад белгилегендей, АКШ Йемендин аймагына сокку уруу менен өлкөнүн эгемендигин бузуп, чоң кылмыш жасады.

“Бирок мындан да маанилүүсү, армиябыз Тель-Авивдин Газадагы агрессиясын токтотууга кысым көрсөтүү үчүн Израилдин аймагынын тереңине, Эйлатка же биздин куралыбыз жете турган башка жерлерге сокку уруу менен Газадагы бир туугандарыбызга колдоо көрсөтүүнү улантат”, – деди ал.

Йемендин Кызыл деңиз жээгинин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ансар Аллах” кыймылы буга чейин Израиль менен байланышы бар кемелерге кол саларын эскертип, башка өлкөлөрдү экипаждарын чакыртып алууга жана аларга деңизге жакындабоого чакырган. Хуситтердин аткылоосунан улам бир катар жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиз аркылуу жүк ташууну токтотууну чечкен.

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен хуситтердин Кызыл Деңиздеги соода кемелерине уланып жаткан чабуулдарга жооп катары кыймылдын бир катар объекттерине сокку урган. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган.

АКШ президенти Жо Байден чабуул Кызыл деңиздеги эл аралык кеме кыймылынын эркин катташына келтирилген коркунуч үчүн жана аскерлердин коопсуздугун сактоо максатында коюлганын айтты.

Йемендин түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө өкүмдарлык кылган хуситтер АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айткан.

Американын мурдагы лидери Дональд Трамптын администрациясы 2021-жылдын январында “Ансар Аллах” кыймылын террордук уюмдардын тизмесине кошкон. Ошол эле жылдын февраль айында Жо Байдендин администрациясы хуситтерди бул тизмеден чыгарган. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө белгиленгендей, мындай чечим гуманитардык себептерден улам кабыл алынган.

Комментарий жиберүү