Хуситтер Россия менен Кытай кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр

Йемендеги “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде Россия менен Кытай кемелеринин жүрүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Мохаммед аль-Бахити «Известия» басылмасына берген маегинде билдирди.

“Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы Кызыл деңизде АКШ менен Британиянын кемелерине чабуул жасоодо. Калган башка өлкөлөргө анын ичинде Россия менен Кытайга келсек, алардын аймактагы кемелерине эч кандай коркунуч жок”, – деди ал.

Аль-Бахити хуситтер орус жана кытай кемелеринин Кызыл деңизде коопсуз өтүшүн камсыздоого даяр экенин кошумчалады.

Саясатчы ошондой эле израилдик кемелердин же Израил менен байланышы бар кемелердин Кызыл деңиз аркылуу сүзүүгө кымындай да мүмкүнчүлүгү болбой турганын – аларга каршы чабуул улана берерин кошумчалады. 

РИА Новости талдаган Marinetraffic кеме көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, Кызыл деңизде кемелердин жүрүшү активдүү бойдон калууда, азыр ал жерде 250дөн ашык кеме бар. Ошол эле учурда дүйнөдөгү эң ири беш контейнер линиясынын төртөө – CMA CGM, MSC, Maersk жана Hapag-Lloyd – Суэц каналы аркылуу жүк ташууну убактылуу токтотту.

Йеменге сокку уруу

Ноябрдын орто ченинде хуситтер Газа тилкесиндеги палестиналыктарга колдоо көрсөтүү иретинде Кызыл деңизде Израиль менен байланышы бар кемелерге кол сала баштаган, бул Суэц аркылуу жүк ташуулардын азайышына себеп болду.

Мындан улам АКШ башка он өлкө менен бирге кемелерди коргоо боюнча операция баштаганын жар салган. “Ансар Аллах” бул коалициянын катышуучуларынын кемелерине кол салуу укугун өздөрүнө калтырышарын эскерткен. Деңизде хуситтер менен америкалык аскерлердин ортосунда бир нече кагылышуулар да орун алды.

12-январда АКШ менен Улуу Британия Йемендин төрт провинциясындагы хуситтердин объекттерине  абадан сокку урду. АКШ президенти Жо Байден бул операцияны Кызыл Деңиздеги коммерциялык кемелерге жасалып жаткан чабуулдарга жооп катары мүнөздөгөн.

Хуситтердин лидери Абдел Малик аль-Хуси АКШ менен Улуу Британиянын соккулары кыймылдын аскерий мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этпей турганын билдирген.

17-январда АКШ “Ансар Аллахты” эл аралык террордук уюмдардын тизмесине кайтарган. Кыймылдын Саясий бюросунун мүчөсү Хузам ал-Асад хуситтер террорчулардын тизмесине киргенине карабай, АКШнын аскерий жана коммерциялык кемелерине чабуулун уланта берерин билдирген.

Американын мурдагы лидери Дональд Трамптын администрациясы 2021-жылдын январында “Ансар Аллах” кыймылын террордук уюмдардын тизмесине кошкон. Ошол эле жылдын февраль айында Жо Байдендин администрациясы хуситтерди бул тизмеден чыгарган. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө белгиленгендей, мындай чечим гуманитардык себептерден улам кабыл алынган.

Комментарий жиберүү