Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат

24-25-январда Казакстандын борборунда “Астана процессинин” алкагында Сирия боюнча сүйлөшүүлөр боло турганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

“”Астана форматындагы” кепил өлкөлөрдүн жамааттык кайрылуусу боюнча 2024-жылдын 24-25-январында Казакстандын борборунда Астана процессинин алкагында Сирия боюнча 21-эл аралык жолугушуу өтөт”, – деди Смадияров парламент кулуарында сүйлөгөн сөзүндө.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги былтыр 20-21-июнда өткөн 20-жыйын Астанада өтө турган акыркы жыйын кылууну сунуштаган. Сунуштан кийин Россия, Түркия жана Иран жыйынтыктоочу билдирүүгө өзгөртүүлөрдү киргизген, бирок кийинки жолугушуу кайда өтөөрүн көрсөткөн эмес. Ошол эле учурда кийинки жолугушуу мурдагыдай эле Астанада өтөт деп болжолдонгон.

Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлиги эгер сүйлөшүү процессинин катышуучулары мындай жамааттык өтүнүч билдирсе, өлкө Сирия боюнча Астанадагы жолугушууларды кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Акыркы жолугушууда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Канат Тумыш “Астана процесси” Казакстандын акыркы 6 жылдагы тынчтык орнотуу потенциалын көрсөткөнүн белгилеген.

Анын айтымында, Сириянын аймактагы изоляциядан акырындап чыгышын Астана процесси өз милдетин аткарганынын белгиси катары кароого болот.

“Астана” форматына Сирия кризисин жөнгө салуу процессинин кепил өлкөлөрү катары Россия, Иран, Түркия, ошондой эле Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын, БУУнун өкүлдөрү жана байкоочу өлкөлөр – Иордания, Ливан жана Ирак кирет.

Комментарий жиберүү