Казакстандын тынчтык орнотуучу күчтөрү Жакынкы Чыгышка жөнөтүлөт

Казакстандын парламенти республиканын Куралдуу күчтөрүнүн 430 адамдан ашпаган аскер кызматкерлерин БУУнун бир нече миссияларына катышууга жөнөтүүнү жактырды. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” жазды.

БУУнун чакыруусуна ылайык, 2024-жылдын мартынан тарта Казакстандын 139 аскер кызматкеринен турган биринчи өз алдынча улуттук тынчтык контингентин жайгаштыруу пландалууда.

Контингент өзүнүн аскердик техникасы, курал-жарактары жана мүлкү менен

“БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү бөлүүгө байкоо жүргүзүүчү күчтөрү” миссиясына резервдик рота катары жөнөтүлөт.

«Ал үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен тараптардын милдеттенмелерин, ошондой эле контингенттин миссияга катышуусун финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин аныктаган эл аралык келишим түзүлөт», – деди Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков.

Жалпысынан парламент 430 адамдан ашпашы керек болгон республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин БУУнун бир катар миссияларына катышуусу үчүн жайгаштырууну жактырды:

  • “БУУнун Голан дөңсөөлөрүндөгү бөлүүгө байкоо жүргүзүүчү күчтөрү”
  • БУУнун элдешүүнүн шарттарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүчү органы (UNTSO, Палестина-Израиль);
  • БУУнун Түштүк Судан Республикасындагы Миссиясы (UNMISS, Түштүк Судан);
  • БУУнун Абьейдеги коопсуздукту камсыз кылуучу убактылуу күчтөрү (UNISFA, Судан).

Коргоо министрлигинин башчысы БУУ Казакстанга өз алдынча бейпилдик миссиясына мандат бергенин баса белгиледи.

«БУУнун бизге биринчи жолу өз алдынча миссия бергенине жетиштик, биз аны өзүбүздүн желек астында аткарабыз. Биринчиден, бул аймактарды күзөтүү, коменданттык милдетти аткаруу жана рота резервде болот», — деди коргоо министри.

2014-жылдан бери 67 казак офицери БУУнун Батыш Сахара, Кот-д’Ивуар, Мали, Борбордук Африка Республикасы жана Ливандагы миссияларына аскердик байкоочу жана штабдык офицер катары катышкан. 2018-жылдан бери 538 казакстандык аскер кызматкери БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн миссиясына тынчтык орнотуучу бөлүктүн курамында катышкан.

Казакстандын аскерлери кызмат кылган БУУнун миссиялары:

  • Батыш Сахарада 6 офицер;
  • Борбордук Африка Республикасында 2 офицер;
  • Конго Демократиялык Республикасындагы 2 офицер,
  • Ливандагы 9 аскер кызматкери.

Комментарий жиберүү