Түркия биринчи жолу астронавтын космоско жөнөттү. Видео

Түркия тарыхта биринчи жолу астронавтын Эл аралык космос станциясына жөнөттү.

Түркиялык биринчи астронавт Альпер Гезеравжи бар экипаж SpaceX ракетасы менен аалам мейкиндигине ийгиликтүү учту. Муну менен Түркия автронавттарды космоско ийгиликтүү жөнөткөн өлкөлөрдүн бири болуп калды.

Гезеравжи эки жуманын ичинде Эл аралык космос станциясында 13 түрдүү илимий тажрыйба жүргүзөт.

Ax-3 миссиясынын экипажынын курамында түрк астронавтынан тышкары, НАСАнын мурдагы астронавты Майкл Лопез-Алегри (АКШ), италиялык аскердик учкуч Уолтер Вилладеи жана швециялык адис Маркус Вандт бар.

“Бул абдан символикалык жана маанилүү кадам, бирок бул биздин улуу өлкөбүз үчүн жолдун башталышы гана”, – деп Гезеравжи учар алдында TRT World телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде билдирген.

Crew Dragon космос кемеси Falcon 9 ракета алып жүрүүчүнүн жардамы менен Флоридадагы НАСАнын Кеннеди атындагы космостук борборунан 19-январь күнү Москва убактысы боюнча саат 00:49да учурулган. Космостук кеме Эл аралык космос станциясына барат.

“Орбиталык лабораторияда болуу учурунда экипаж адамдын физиологиясына жана өнөр жайдагы технологиялык жетишкендиктерге арналган 30дан ашык илимий эксперименттерди жүргүзөт”, – деп айтылат SpaceX компаниясы тараткан билдирүүдө.

Космос кемесинин орбиталык станцияга ишембиде жетиши күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү