Иран менен Пакистан сокку алмашуулардан кийин элдешти

Пакистан менен Иран ушул аптада бири-биринин аймагындагы согушкерлердин буталарына абадан сокку урушту. Эки тарап тең каза болгондор тууралуу кабарлап, Исламабад өз элчисин чакыртып алган. Бирок жаңжалдын күчөшүн эч ким каалабайт, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, деэскалация боюнча макулдашышты.

Иран менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Хоссейн Амир Абдоллахиан менен Жалил Аббас Жилани жума күнү телефон аркылуу сүйлөштү. Алар эки өлкөнүн элчилерин мөөнөтүнөн мурда кызматка кайтаруу маселеси талкуулашканын, Ирандын тышкы иштер министрлигинин Түштүк Азия боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сейед Расул Мусави билдирди.

Сүйлөшүү учурунда министрлер деэскалация боюнча макулдашып, терроризмге каршы күрөштө жана «өз ара кызыкчылык туудурган башка аспектилерде» кызматташууну күчөтүү зарылчылыгы тууралуу макулдашышты.

Буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани Пакистан кошуна Иран менен өз ара алакасындагы чыңалууну каалабарын жана ага кызыкдар эмес экенин билдирген.

Сокку алмашуулар

16-январда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Пакистанга абадан сокку урган. Иран чабуулдун максаты ирандык Систан жана Белужистан провинциясындагы сепаратисттерди колдогон “Жайш ал-Адл” (Адилет армиясы) кыймылы болгонун билдирген.

Исламабад Тегерандын аракеттерин айыптап, соккудан эки бала өлүп, үчөө жарадар болгонун билдирген. Өлкө ошондой эле Ирандагы элчисин чакыртып алып, Иран элчиси да азырынча Исламабаддагы дипломатиялык миссиясын уланта албасын билдирген.

Эки күндөн кийин Пакистан Ирандын Систан жана Белужистан провинциясындагы “террорчулардын баш калкалоочу жайларына” сокку уруп, “бир нече согушкерди” жок кылганын жана армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирди. Кол салууга карабастан Исламабад Ирандын эгемендүүлүгүн сыйлай турганын билдирди. Иран кол салуудан Ирандын жараны болбогон 10 киши набыт болгонун, анын ичинде аялдар жана балдар бар экенин билдирген. Тегеран ошондой эле Тышкы иштер министрлигине коңшу өлкөнүн убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырган.

Комментарий жиберүү