Кытай Тайван маселесинде АКШ үчүн аттап өтүүгө болбой турган “кызыл сызыкты” аныктады

Тайвандын Кытайга таандык экендиги тууралуу маселе түпкү кызыкчылыкта өтө маанилүү жана “кытай-америка” мамилесинде аттап өтүүгө мүмкүн болбогон биринчи “кызыл сызык” болуп саналат. Бул тууралуу өткөн жуманын бейшемби күнү КЭР ТИМнин расмий өкүлү Мао Нин брифинг учурунда билдиргендигин   РИА Новости маалымдады.

“Тайван маселеси Кытайдын ички иши болуп саналат, ал эми Тайван аймагындагы шайлоо – эч кандай сырткы кийлигишүүгө жол берилгис Кытайдын жергиликтүү иши”, – деп жооп берди  Мао Нин АКШнын Тайвандагы шайлоодо баардык кийлигишүүгө каршы турары жөнүндөгү  жана бул Кытайга эскертүү катары карала тургандыгы жөнүндөгү билдирүүгө комментарий берүү жөнүндөгү суранычка.

Дипломат Вашингтон Тайвандагы шайлоолор боюнча жоопкерчиликсиз күнөөнү ачык жасап жаткандыгын баса белгилеп, “Кытай бул билдирүүгө карата кескин нааразы болуп, чечкиндүү түрдө каршы турарын” кошумчалады.

“Мен тайвандын маселеси Кытайдын эң маанилүү түпкү кызыкчылыгы болуп саналарын белгилегим келет жана кытай-америка” мамилелеринде  аттап өтүүгө мүмкүн болбогон биринчи “кызыл сызык” экендигин кошумчалагым келет”.- деп айтты ал.

Кытай ТИМнин расмий өкүлү КЭР “мамлекеттик эгемендүүлүктү, коопсуздукту жана аймактыктык бүтүндүктү коргоо үчүн чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды көрө тургандыгын” кошумчалады.

13-январда Тайванда аралдын администрация башчысын жана парламентке шайлоо болот.  Байкоочулардын пикиринде, башкаруучу жана материкке каршы маанайдагы Тайвандын Демократиялык прогрессивдүү партиясынын талапкери Лай Циндэ жеңишке жетишкен учурда Пекин менен Тайбэйдин ортосундагы чыңалуунун мындан ары да күч алуусу мүмкүн.

Кытай өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилелери 1949-жылы Кытай Компартиясы менен Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Тайванга өткөндөн кийин үзүлгөн. Арал менен материктик Кытайдын ишкер жана формалдуу эмес байланыштары 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардан тартып тараптар өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу кызматташа баштаган.

2022-жылдын августунун башында Тайвандын тегерегиндеги кырдаал аралга АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин иш сапарынан кийин бир топ курчуй түшкөн. Аралды өзүнүн провинциясы катары эсептеген Кытай Пелосинин сапарын айыптап, бул кадамдан АКШнын тайвандык сепаратизмди колдогондугун көрүп, масштабдуу аскердик машыгууларды өткөргөн.

Комментарий жиберүү