Йемендин борбору Санада элге жардам таратуу учурунда тепсендиде калып каза тапкандардын саны 80ге жеткенин шаардагы булак РИА Новостиге билдирди.
“Сана шаарынын чыгышындагы Баб-эль-Йаман районундагы Маин мектептеги жардам бөлүштүрүүчү борбордо болгон тыгында, тепсендиде калып каза болгондордун саны 80ге жетти, алардын арасында балдар да бар, 120 адам жаракат алды”, – деп билдирген маалымат булагы.Булак жабыркагандардын арасында 20 адамдын абалы оор экенин кошумчалады. Ал жакынкы аралыкта жабырлануучулардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
Буга чейин бул окуядан 10го жакын адам каза болуп, 40ка жакыны жаракат алганы кабарланган.
Булактын айтымында, жабыркагандар жакын жердеги ас-Саура жалпы ооруканасына жана шаардагы башка клиникаларга жеткирилген.Ал белгилегендей, мындай окуя биринчи жолу болуп жатат – ишкерлер буга чейин деле ар жума сайын ошол эле жерде муктаждарга жардам таратып келишкен.
Хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин Твиттер баракчасындагы маалыматка караганда, кеңештин башчысы Махди ал-Машат каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуяны иликтөө үчүн комитет түзүүнү тапшырды. Ал ошондой эле окуянын себептерин тактоо үчүн зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
RT агенттиги маалымдагандай, жардам таратуу учурунда эл көп болуп, алдыга жаалданып, бири-бирин түртүп баштаганда ал жактагылардын бири элди тынчтандыруу үчүн асманга ок чыгарган. Ок электр кабелин үзүп, анын кесепетинен жарылуу болгон. Андан улам эл дүрбөлөңгө түшүп, тыгын жаралган.Йемен полициясы жардам бөлүштүрүү бийлик менен макулдашылбаганын билдирди. Окуяга байланыштуу кеминде эки адам кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.https://t.me/rt_russian/154648?embed=1