Паранжа маселеси

 Эл өкүлүнүн паранжа боюнча айткан сөздүрү бир топ ызы-чуу жаратып жатат.

Бирок калыс белгилеп кетчү жагдайлар бар. Жүз миң сомдон мамлекеттен жөлөк пул алып, ишкердик баштап жаткандардын көбү жоолукчан болгондугу кубандырды. Демек “диндар адамдар жалкоо, дааватка жалкоолор чыгат, жалкоо адам молдо болот” деген стереотип туура эмес экендиги Кеңеш доорунда аң-сезими калыптанган чачы тармал эжекебиздин оозу менен тастыкталып жатат. Диндар адам ар бир иште алдыңкы болууга милдеттүү. Балык жей бербей, кайырмак алган диндар катмар келечекте өлкө казынасын салык менен толтуруп, кошумча жумуш ордун жаратат. Бул да дааваттын бир усулу. Мындан ары эшик тыкылдатып даават кылуудан, амал менен көрүнгөн даават усулуна өтүү мезгили келди. Үгүттөн мурун үлгү бололу!

Паранжа маселесине келсек, динибиз хижапты (уяттуу, аврат жерлерди жабууну) жалпы эркек-айалга милдет кылган. Болгону эркектердин күнүмдүк кийими ошол авратты жабууга жетиштүү, ал эми айалдардын жүзү менен алакандарынан башка бардык жери аврат болгондугуна байланыштуу мусулман айалзаты оронууга милдеттүү. Бирок бул мусулманмын деген адамга гана тийелешүү экендигин эскертип кетмекчимин. Жүрөгүндө гана “ыйман” бар категорийа бул катмарга кирбейт, демек алар бул маселеде эреженин сыртында. Хижап-парз, никаб жана паранджа –сүннөт. Эркектер жыйылган жерде жана чырайы же өтө эле сулуу, же өтө эле куник (түрү суук) болсо, анда коомдук жайларда никаб же паранжа менен жүзүн бекитүү важип болот. Чогулушта эркектер көп болгон болсо, анда ал Оштогу эжелерибиз туура эле кылган деп эсептеймин.

Кара түс бойунча бир тараптуу карай берген туура эмес. Мисалы, Кытайда ак түс траур, аза күтүү, өлүмдүн символу, бизде болсо тескерисинче тазалыктын символу. Кудум ошондой эле бизден башка чөлкөмдөрдө кара түс кадимки эле бир ыраң, бир гана көчмөн элдери илгертен кара түстү аза күтүү түсү деп жазылбаган бир эреже даражасына чыгарып алган. Болбосо каранын эч кандай терс бир энергетикасы жок, андай болсо мусулмандар үчүн ыйык болгон Каабанын сырткы кара түстөгү килеми да азанын символу болуп калмак да. Хижаптын негизги функциясы элдин пикирин өзүнө тартпоо болсо, анда кара хижап же паранжа биздин коомдо тескерисинче өөн учурап, адамдын назарын тартат. Мисалы, коомдук транспортто түстүү паранжа кийген менен кара хижаб кийген адамдын кайсынысына назарыңыз бурулат? Албетте кара түскө! Ошондуктан мусулман эже-карындаштарыбыз колдон келишинче кара түстөн алыс болсо деген өтүнүчүбүз бар, бирок бул өтүнүч гана . Шариат бойунча да, мыйзам чегинде да эч кандай чектөө койо албайбыз.

Ош тарапта кара түстү көпчүлүк учурда өзбек улутундагы эжекелерибиз кийишет. Ошондуктан муну туура кабыл алууну сунуштайт элем. Өзбек улутунун өз маданийаты жана кийинүү эрежелери бар. Аларга кийлигишип, кийимин өзгөртөм деп жатып ансыз да ызы-чуу чыгара албай жаткан океңдердин пилигине май тамызып, эки улут- бир элди кайраштырып жүрбөйлү. Анчалык кийим маселесине күйгөн тармал чачтуу эжелерибиз алгач өздөрү ак элечек кийсин, мини йупка жана декольте деген балээге да каршы чыгышсын. Башка маселе калбай калгансып, ушул кийимди талкулоо аркылуу жеңил пиар жасаган эл өкүлдөрдү шайлаганды чектеш керек негизи. Жоолукка асылуу тээ Атамбай аксакалдын небересинен бери эле жылдан жылга күчөп жаткан коомдук илдет. Мамлекеттик кызматкерлер диндар коомчулуктун да ыйык деп эсептеген кээ бир элементтерин урматтаганды үйрөнүш керек. Ыймандуу болумуш болгон эл өкүлдөрү тың болсо, ошол эже эл берген трибунадан мындай кеп козгомок эмес. Кош стандарттуулук доорунда биз мындай көйгөйлөргө диний текст, парз, өзүңдү билип ал деп, оозубуздан ак ит кирип, кара ит чыгарбай эле демократийалык принциптерге такап сүйлөшөлү. Демократийа учурдагы бийлик төбөлдөрүнүн “дини”, демек алар өз динине таандык болгон гана эрежелерге баш ийет. Мыйзам ченеминде сүйлөшкөндү үйрөнөлү!

Урматым менен Нуриет Абдулазиз.

(материал автордун Фейсбуктагы барагынан алынды жана өзгөртүүсүз берилди)

Комментарий жиберүү