Сирия менен Сауд Аравия элдешүүнү чечишти

 Араб өлкөлөрү Сириянын мындан ары изоляцияланышынын мааниси жок экенин, республика менен диалогго баруу керектигин акырындап моюнга алышууда. Сириянын президенти Башар Асад Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Саудду расмий түрдө кабыл алды. Дамаск үчүн мындай деңгээлдеги расмий эл аралык сапар 2011-жылдан бери биринчи жолу болду.

Сауд Аравия менен Ирандын Кытайдын ортомчулугу менен элдешип, дипломатиялык мамилелерди калыбына келтириши Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн көйгөйлөрдүн оң жакка чечилишине таасирин тийгизе баштагандай.

Март айынын башында Тегеран менен Эр-Рияд жети жылдык тыныгуудан кийин Пекиндин ортомчулугу менен алакаларды калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки айдын ичинде элчиликтерди ачууну макулдашышканы баарыбызга маалым.

23-мартта Сирия менен Сауд Аравия 2012-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндө жабылган элчиликтерин кайра ачууга макул болгону белгилүү болгон. Эр-Рияд апрель айынын аягында мусулмандардын ыйык Рамазан айы аяктагандан кийин Дамасктагы консулдугунун ишин да кайра жандантканы турат.

Сауд Аравия менен Сириянын ортосундагы мамиленин жылышы Перс булуңундагы араб өлкөлөрүн Башар Асаддын режимине жакындатууда маанилүү кадам болмокчу. Анткени Сирияда куралдуу кагылышуу башталгандан кийин  Дамасктын Араб Лигасына мүчөлүгү 2011-жылы ноябрда тоңдурулуп, бир катар араб өлкөлөрү Дамасктан элчилерин чакыртып алган.

Сирия-Сауд мамилеси калыбына келгени тууралуу кабарлар чыга электе эле Асад 19-мартта Абу-Дабиге, ага чейин бир ай мурда Оманга расмий сапары менен барып, дос өлкөнүн башчысы катары кабыл алынган.

Сирияга 12 жылдан бери биринчи жолу саудиялык аткаминер расмий  сапар менен келди

Сириянын президенти Башар Асад Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауд расмий түрдө кабыл алганын Сириянын расмий SANA маалымат агенттиги билдирди. Дамаск үчүн мындай деңгээлдеги расмий эл аралык сапар 2011-жылдан бери биринчи жолу болду.

Сириянын башчысы менен саудиялык министр өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жана жалпы араб дүйнөсүндөгү саясий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Саудиялык министр Фейсал бин Фархан Аль-Сауд Дамаск менен башка араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи – Эр-Рияд буга салым кошууга даяр деди ал. Мындан тышкары, бин Фархан Сирия жарандык согуштун кесепеттерин жеңип, туруктуу экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүүгө жетишээрине ишенимин билдирди.

Бен Фархан Сирия менен башка араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер нормалдуу калыбына келиши керек жана анын араб дүйнөсүндөгү жана [Жакынкы Чыгыш] чөлкөмүндөгү ролу мурункуга караганда олуттуураак болушу керек экенин баса белгиледи.

Асад араб элдерин бириктирген боордоштук байланыштардын тереңдиги көп тараптуу аймактык мамилелердин табигый өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Сириянын башчысы Эр-Рияддын ачык саясаты Жакынкы Чыгыштагы бардык араб өлкөлөрүнүн кызыкчылыгына жооп бере тургандыгын белгиледи.Сирия лидеринин кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, Асад Сирияга каршы башталган согуштун бардык кесепеттерин жоюуда, Араб Республикасындагы абалды  турукташтырууда жана Сириянын бардык аймактарын бошотууда сирия элин колдоо үчүн бир тууган араб өлкөлөрүнүн ролу зарыл экендигин белгиледи.”Сирия элинин кризистин кесепеттеринен чыгуусу үчүн араб өлкөлөрүнүн колдоосу керек”, – деди Асад.Саудиянын тышкы иштер министри Дамаскка 2011-жылдан бери биринчи жолу барды. Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттердеги баракчасында белгилегендей, бул сапар Падышалыктын Сирия кризисин саясий жол менен чечүүгө болгон каалоосу жана кызыкчылыгынын фонунда өтүп жатат. Ал өз кезегинде кризистин бардык кесепеттерин жоюга, Сириянын аймактык бүтүндүгүнүн жана анын иденттүүлүгүнүн, өлкөдө коопсуздуктун жана туруктуулуктун орнотулушу, ошондой эле анын курчап турган араб өлкөлөрү менен байланыштарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүгө салым кошот.

Эки өлкөнүн байланыштары жана Сирияны Араб Лигасына кайтаруу маселеси

 Өткөн аптада Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль-Сауд сириялык кесиптеши Фейсал Микдад менен Саудиянын Жидда шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.2011-жылы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндөн бери биринчи жолу болгон жогорку даражалуу сириялык аткаминердин Сауд Арабияга болгон сапарынын алдында Перс булуңундагы өлкөлөр, Египет, Иордания жана Ирактын тышкы иштер министрлери Сириянын Араб Мамлекеттеринин Лигасына толук мүчөлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө жыйын өткөрүшкөн.Жидда  шаарында чогулган Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин алты өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери (Сауд Аравия, БАЭ, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Оман) Сирияны Араб Лигасына кайтаруу боюнча акыркы чечимди кабыл алышкан жок бирок бул маселе боюнча консультацияларды улантуунун зарылдыгы жөнүндө макулдашышты.Дамасктын Араб Лигасына мүчөлүгү 2011-жылдын ноябрында Сирияда башталган жарандык согуш маалында токтотулган. Араб өлкөлөрүнүн көбү Сирия бийликтеринен оппозициянын пайдасына жеңилдиктерге ээ боло албагандыктан, элчилерин чакыртып алып, Сирияга экономикалык бойкотко кошулушкан. Жакында эле араб өлкөлөрү, анын ичинде Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман Дамасктагы дипломатиялык миссияларын кайра башташты, бирок Сириянын Араб Лигасына мүчөлүгүн калыбына келтирүү маселеси уюмга мүчө мамлекеттер арасында карама-каршылыктарды жаратууда.

Комментарий жиберүү