Йеменде жарылуу болду

Жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды.

Йемендин Эбян провинциясында курал сактоочу жайда болгон жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды.

Аймактын тургундарынан алынган маалыматка караганда, Эбяндын Левдер шаарында курал сатуучуга таандык 3 кабаттуу имараттагы кампада жарылуу болду.

Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, толугу менен талкаланган кампанын урандыларында  6 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды.

Махнеф ооруканасына жаткырылган жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги кабарланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *