Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколдоруна кол коюлду

Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду.

НАТОго мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрү Швеция менен Финляндиянын альянска кошулушу жөнүндөгү протоколдорго кол коюшту.

Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул эки өлкө жана жалпы коопсуздук үчүн тарыхый учур болгонун айтты.

Мадрид саммитинде кол коюлган үчтүк меморандумдун натыйжасында Түркиянын коопсуздук маселелери чечилгенин жана орток пикирге келгенин белгилеген Столтенберг:«Биздин элдер дагы коопсуз болот»,-деди.

Эки өлкөнүн эң жаңы мүчө болушун бекитүү процессинин бүгүнтөн тарта башталганын белгилеген Столтенберг НАТОнун эшиктеринин Европа демократияларына ачык экенин баса белгиледи.

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто: «Терроризм бардыгыбыз үчүн олуттуу коркунуч»,-деп айтып, анын өлкөсү НАТОнун коопсуздугуна салым кошо турганын белгиледи.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде да анын өлкөсү НАТОнун кийинки мүчөсү катары бардык союздаштардын коопсуздугуна салым кошоорун белгиледи.

Линде жана Хаависто баштаган делегациялар кечээ Брюсселде НАТОнун расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, уюмга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аякташты.

Комментарий жиберүү