Жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Йемендин Эбян провинциясында курал сактоочу жайда болгон жарылууда 6 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Аймактын тургундарынан алынган маалыматка караганда, Эбяндын Левдер шаарында курал сатуучуга таандык 3 кабаттуу имараттагы кампада жарылуу болду.
Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда, толугу менен талкаланган кампанын урандыларында 6 адам каза болуп, 30 адам жаракат алды.
Махнеф ооруканасына жаткырылган жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги кабарланды.