Йемендик хуситтер Израилге согуш жарыялады

Йемендик «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) өкүлү, бригадалык генерал Яхья Сари Израилге каршы аскердик операция башталганын жарыялады.

Хуситтердин өкүлү Х соцтармактагы баракчасынан жасаган видеокайрылуусунда операция «эзилген Палестина элин» колдоо максатын көздөй турганын билдирди.

Анын айтымында, Йемендин куралдуу күчтөрү Израилдин аймагына “көп сандагы баллистикалык жана канаттуу ракеталарды жана учкучсуз учуучу учактар” менен чабуул жасады.

«Израилдин агрессиясы токтомойун ракеталарды жана учкучсуз учактарды колдонуу менен чабуулдарды жасай беребиз», — деди Яхья Сари.

Буга чейин йемендиктер Палестинаны колдоп, «Ансар Аллах» тобу уюштурган нааразылык акцияларына чыгышкан. Демонстрациялар борбор шаар Санада жана бир катар провинцияларда өткөн. Митингчилер колдоруна Палестинанын желектерин кармап, палестиналыктарды колдогон ураандарды кыйкырышкан.

«Ансар Аллах» согуштук аракеттерге катышууга жана «Палестинаны, анын элин жана ыйык жерлерин коргоо» үчүн жүз миңдеген күчтөрдү жиберүүгө даяр экенин билдирген.

Яхья Сари АКШ «сионисттик түзүлүшкө» демөөрчүлүк кылып жатат деп айыптап, Британия жана Батыштын башка өлкөлөрү “Палестин элине каршы кылмыштарга” шериктеш экенин кошумчалады.

Кийинчерээк Йемендин Коргоо министрлигинин ресурсу өзүнүн сайтында жана X аккаунтунда (мурдагы Twitter) ракета учурулган видеону жарыялады.

🇾🇪🇵🇸🚀🇮🇱Так Йемен атаковал Израиль ракетами и дронами в защиту Палестины. Видеосовместной операции йеменских ракетных сил и ВВС по целям в глубине израильского образования в оккупированной Палестине в течении последних суток.Тем временем израильские ракетные корабли развернуты в Красном море.С сегодняшнего дня развертывание произошло после атак ракет большой дальности и беспилотников из Йемена.Корветы класса «Саар» патрулируют район Эйлатского порта в Красном море, — район, который Израиль считает новым фронтом в своей войне с сектором Газа.

Буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматы «Израилдин түштүгүндөгү Эйлат аймагында душмандын учуучу аппараты кирип келгендигин билдирген сиреналар жаңырганын билдирген. Кийинчерээк Израилдин Kan радиосу учкучсуз учак Йеменден учурулганын жана ал Кызыл деңиздин асманында атып түшүрүлгөнүн ырастаган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *