Газада көз жумган балдардын саны дүйнөдө набыт болгон балдардын санынан ашып кетти

7-октябрдан бери Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерде каза болгон балдардын саны 2019-жылдан бери дүйнө өлкөлөрүндө болгон кагылышууларда каза болгон балдардын санынан ашып кетти.

Бул тууралуу эл аралык кайрымдуулук Save the Children уюму билдирди.

Буга чейин уюм Газа тилкесинде акыркы 17 күндө кеминде 2000 бала, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза болгонун маалымдаган. Save the Children уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли ок атууну тез арада  токтотууга чакырды.

«Газа тилкесинде үч жуманын ичинде каза болгон балдардын саны акыркы үч жылда 20дан ашуун өлкөдө болгон куралдуу кагылышууларда бир жылдын ичинде каза болгон балдардын санынан ашып кетти», — деп айтылат уюмдардын сайтында.

БУУнун баш катчысынын балдар жана куралдуу кагылышуулар боюнча акыркы жылдык отчетуна ылайык, 2022-жылы 24 өлкөдө 2985 бала, 2021-жылы 2515 бала, 2020-жылы 22 өлкөдө 2674 бала каза болгон.

Уюмдун маалыматы боюнча, Газада набыт болгон 7703 адамдын 40%дан ашыгын балдар түзөт.

Save the Children каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилейт, анткени Газада дагы 1000дей бала дайынсыз жоголуп, урандылардын астында калышы мүмкүн.

«Үч жумадан бери уланып жаткан зордук-зомбулук балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратты. … Сандар үрөй учурарлык, бирок Газада зордук-зомбулук күчөп жаткандыктан дагы көптөгөн балдар олуттуу коркунучка кептелди», — дейт Жейсон Ли.

Комментарий жиберүү