Израилден келген рейстен еврейлерди издешип. Махачкала аэропортундагы башаламандык. Видео

29-октябрь күнү кечинде Махачкаланын эл аралык аэропортуна жаалданган адамдар тобу басып кирди. Башаламандык Израилден учуп келген учактан улам башталган. Жаалданган демонстранттар аэропорттун учуп-конуу тилкесине чейин чыгып барышкандыктан аэропорт убактылуу жабылды.

Тергөө комитетинин Дагестан боюнча башкармалыгы окуяны массалык баш аламандык катары баалап, кылмыш ишин козгоду.

Окуянын чоо-жайы

29-октябрь кечинде аэропорттун жанына элдер чогула баштаган. Жергиликтүү убакыт боюнча 19:00дөр чамасында (Москва убактысы боюнча) ал жерге Тель-Авивден (Бен Гурион) WZ 4728 рейси учуп келген.

Андан соң чогулган эл аэропорттун эл аралык терминалынын имаратына кирип, аны тосуп алышып, андан соң учуп-конуу тилкесине чыгып кетишкен, деп жазат “Известия” агенттиги.

Алар Израилден учуп келген жүргүнчүлөрдү табуу үчүн жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө алышканын RT маалымдады.

Кийинчирээк Росавиация Махачкала аэропорту “белгисиз адамдардын кирип кеткендигине” байланыштуу учуп-конуу үчүн жабылганын жарыялап, «кырдаал турукташканча» рейстердин убактысы жылдырылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлгөн.

Башаламандыкка байланыштуу аэропортко Дагестандын улуттук саясат министри Энрик Муслимов келип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды.

Көп өтпөй кырдаал көзөмөлгө алынып, саат 22:20га карата Махачкала аэропортунун аэродромунан демонстранттар чыгарылып, аэропорт учактарды кабыл алуу үчүн 31-октябрга чейин убактылуу жабылды.

Башаламандыктын натыйжасында полиция кызматкерлери менен кошо 20 адам жараат алганын Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Алардын онго жакыны жеңил жараат алышкан, дагы ону ооруканага жеткирилип, экөөнүн абалы өтө оор деп бааланууда.

ИИМ тополоңдун 150дөн ашык активдүү катышуучуларын аныктап, алардын 60ы кармалганын билдирди.

https://youtube.com/watch?v=sh4YNjw-9ZE%3Fstart%3D134%26feature%3Doembed

Бийликтин реакциясы

Тергөө комитетинин Дагестан боюнча башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (массалык баш аламандык, он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнү республикалык прокуратура көзөмөлгө алды. Ички иштер министрлигинин Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча бөлүмү видеокөзөмөлдөр аркылуу башаламандыктын бардык катышуучуларын табууга убада берди.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов аэропортко келгендердин аракетин одоно мыйзам бузуу деп атады.

Ал эми Дагестандын муфтийи Ахмед Абдулаев «Палестинада өлүп жаткан мусулмандар үчүн» тынчсызданып жатканын жана элдин кыжырдануусун да түшүнөрүн, бирок маселени аэропортко басып кирүү жана тополоң менен чечүү мүмкүн эмес деген оюн билдирди.

Махачкаладагы окуялардан кийин Израиль өкмөтүнүн аппараты жана Тышкы иштер министрлиги Россиянын укук коргоо органдарын Израилдин жарандары менен жөөттөрдүн коопсуздугун камсыздоого чакырды.

«Израиль бийлиги Россиядан израилдиктерге жана жөөттөргө каршы багытталган тополоңдорго жана жапайы чагымдарга каршы чечкиндүү чара көрүшүн күтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 27-октябрда Израиль бийлиги Газадагы операцияларын кеңейткенин жарыялаган. 28-октябрда дүйнөнүн булуң-бурчунда Газадагы палестиналыктарды колдоо жана Израилдин аракеттерин айыптаган митингдер өттү.

Израилдин Газага жасап жаткан соккуларынан каза болгондордун саны 7703 адамга жеткенин Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Каза болгондордун арасында 3,5 миңден ашуун бала бар.

Комментарий жиберүү