Бишкекте Палестинаны колдоо акциясы өтүп жатат. Сүрөт, видео

Бүгүн, 28-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Палестина элин колдоо митинги Акциянын катышуучулары Кыргызстан менен Палестинанын желектерин көтөрүп, “Палестина — биз сени менен!”, “Палестинага боштондук”, «Геноцидди токтоткула», “Биз Палестинаны колдойбуз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алар Израилдин аракеттерин айыптап, Газадагы геноцидди токтотууну талап кылышты.

Чогулгандардын арасында Муфтияттын өкүлдөрү, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, жарандык активисттер, “Умма” ислам журналынын редактору Элиана Мариям Сатарова, ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, чогулгандардын арасында чет элдик дипломаттар да болду. Алсак, акцияга Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари катышты.

Мындан тышкары, митингге Палестинанын өкүлдөрү да катышып, кыргыз элине ыраазычылык билдирип, 75 жылдан бери израилдик апартеидге каршы кандай күрөшүп келишерин айтып беришти.

“Палестинада бүгүн геноцид болуп жатат. Израил режими тынч жана коргонуусуз элди, мусулман бир туугандарыбызды массалык түрдө кырып жатат. Алар Газага бомба таштап, дүйнөдө тыюу салынган куралдарды колдонууда», — деди Турсунбай Бакир уулу.

Митингдин аягында катышуучулар Израилдин желеги тартылган плакатты айрып, тебелешти.

Эске салсак, 21-октябрда да Газа тилекесинде болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган бир катар кыргызстандыктар палестиндерди колдоо акциясын өткөргөн.

Анда катышуучулар Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүшкөн.

Сүрөт: Азиз Пиримкулов

Комментарий жиберүү