АКШда чочконун жүрөгүн салдырган дүйнөдөгү экинчи бейтап каза болуп калды

АКШда чочконун жүрөгүн мындан алты апта мурда салдырган киши каза болуп калды. Бул туурасында АКШдагы Мэриленд университетинин медицина борборунан маалымдашты.

«Айыкпас жүрөк ооруга кабылып, генетикалык жактан модификацияланган чочконун жүрөгүн дүйнөдө экинчи болуп салдырган 58 жаштагы Лоренс Фоссет көз жумду», — деп айтылат медициналык борбордун сайтындагы билдирүүсүндө.

Фоссетт жүрөк жетишсиздигинин терминалдык стадиясы менен ооруган жана ага адамдын жүрөгүн салууга болбойт эле. Бейтап операциядан кийин ал алты жумадай жашай алган. Бул убакытты ал үй-бүлөсү менен өткөрүп, аялы менен карта ойноп, «олуттуу прогресстер» байкалган.

Эске салсак, адамга биринчи жолу чочконун жүрөгү былтыр АКШда салынган. Бирок генетикалык жактан модификацияланган чочконун жүрөгү салынган бейтап эки ай гана жашаган.

Комментарий жиберүү