Боливия Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү

Боливия Газадагы кыргындан улам Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү.

Бул тууралуу Боливиянын тышкы иштер министринин орун басары Фредди Мамани билдирди.

«Боливия Израил менен дипломатиялык мамилесин үзүүнү чечти» деди ал.

Аткаминердин айтымында, анын өлкөсү Израилдин Газа тилкесиндеги агрессивдүү аскерий чабуулун айыптап, аны эл аралык деңгээлдеги тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч деп эсептейт.

«Боливия Газа тилкесиндеги миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген чабуулдарды токтотууну талап кылат», — деп баса белгиледи Мамани.

Ал ошондой эле аймакка гуманитардык жардамды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде өлкөнүн президенттик администрациясынын башчысы Мария Нела Прада бир күн мурда мамлекет башчысы Луис Арсе Палестинанын элчиси менен жолугуп, ага колдоосун билдиргенин маалымдаган.

Боливия Израил менен дипломатиялык алакасын 2009-жылы да үзгөн. Буга Израилдин Газадагы «Коргошун» деген аталыштагы аскердик операциясы себеп болгон. Анда 1 500дөй палестиналык өлгөнү айтылып келет. Өлкөлөр ортосундагы байланыш 2020-жылы гана калыбына келтирилген.

Ушул эле себеп менен Колумбия жана Чили мамлекеттери Тель-Авивдеги элчилерин чакыртып алды. Ал эми Бразилиянын президенти Израилдин аракеттерин «акылсыздык» деп атады.

Израилдин Тышкы иштер министрлиги Боливиянын бул чечимин сынга алды.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, палестиналыктардын арасындагы курмандыктар 8500дөн ашты, алардын көбү аялдар менен балдар. Ошондой эле 21 миңден ашууну жаракат алып, 1,4 миллиондой киши үйлөрүн таштап кетти.

Израиль тараптан 1 400 кишинин каза болгону кабарланган.

Комментарий жиберүү