Кремль Трамптын Москвага сокку урам деген коркутуусуна комментарий берди 

АКШнын мурдагы президенти жана бул кызматка талапкер Дональд Трамптын Москванын борборуна сокку урам деген коркутуулары шайлоо өнөктүгү менен байланыштуу.

Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

The Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын маалыматына караганда, АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүндө аны “эгерде Украинага чабуул жасалса, Москванын борборуна сокку ура турганын” айтып коркутканын билдирген.

Песков америкалык саясатчылар азыр АКШда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында, өзгөчө анын акыркы стадиясында көптөгөн ар кандай кызуу жана өтө эмоционалдуу билдирүүлөрдү жасап жатышканын белгиледи.

Кремлдин расмий өкүлү Трамп Путин менен сүйлөшүүсүндө мындай коркутууларды жасадыбы деген суроого жооп берип жатып, Кремль эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыкка чыгарбоону туура көрөрүн айтты.

“Өкүнүчтүүсү, бир катар дүйнөлүк лидерлер бул позицияны карманышпайт жана бул учурда мындай маалыматтык “гигиенаны” сакташпайт. Ооба, бул алардын абийиринде», – деди ал.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми республикачылардан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышууда.

Комментарий жиберүү