Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылышы мүмкүн

Палестина Кыргызстанда өз элчилигин ачууга даяр.

Бул туурасында Палестинанын президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Махмуд Аббас Кыргызстан Палестина үчүн боордош жана дос мамлекет экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди.

Ал Палестина тараптын Кыргызстанда өз элчилигин ачууга жана Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап менен байланыш түзүүгө багыттоого даярдыгын белгиледи.

Палестинанын президенти эки өлкөнүн дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык комплексин улантууга жана жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.

Комментарий жиберүү