Кыргыз-Түрк достук ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасала баштайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды.

Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады.

“Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдүн муктаждыгы бар жарандары келе алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы трансплантологияны өнүктүрүү сыяктуу маселенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, муну менен кыргызстандыктар үчүн сапаттуу медициналык жардамга жетүү жана органдарын алмаштыруу зарылдыгынан жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүндүгү пайда болуп жатканын айтты.

Ал кыргызстандыктар өтө маанилүү жана кымбат баалуу операцияларды жүргүзүү үчүн алыскы чет өлкөлөргө чыкпай койсо болорун белгилеп, “Эгерде алар чет өлкөдө 50-60 миң доллар чыгым тартышса, бул жерде Кыргызстанда да ушундай эле операция 10 миң АКШ долларынын тегерегинде болот”, – деген.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын жетекчилигине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Комментарий жиберүү