2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

«Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында  «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү  кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жыйында демилгечи депутат Марлен Маматалиев маалымат берип, мыйзам долбоорлору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасында полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда. 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевден 2027-жылдын 1-январынан тартып бир жолу колдонулуучу желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча экинчи окууга сунуш түшкөнүн белгиледи. 

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи окууда кабыл алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, желим баштыктар жердин кыртышында 100 жылдан 700 жылга чейин бузулбай сактала берет. Мындан тышкары өлкөбүздүн аймагында төрт түлүк мал да жайыттарда желим баштыкты чөп катары жеп алып, бирок ал ашказанда сиңбегендиктен, өлүп калган учурлар көп кездешүүдө.

Быйылкы жылы суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнөн 3,5 тоннага жакын ар кандай желим баштыктарды тазалашкан. Жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы соода жайларында акырындык менен желим баштыктардын ордуна кагаз же чүпүрөк пакеттерди колдонууга өтүшүүдө.

Комментарий жиберүү