Гаитиде 3 миллион бала гуманитардык жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди.

Гаитиде 3 миллионго жакын бала “бандалык зомбулуктан” улам гуманитардык жардамга муктаж.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жасалган билдирүүдө борбор шаар Порт-о-Пренс жана айланасында жайылган «бандалык зомбулукта» балдардын түздөн-түз бутага алынганы белгиленди.

Билдирүүдө балдардын мектепке бара жатканда каза болгонуна же жараланганына, аялдар менен кыздардын да сексуалдык зомбулукка кабылганына көңүл бурулду.

Билдирүүдө балдардын мектепке бара жатканда каза болгонуна же жараланганына, аялдар менен кыздардын да сексуалдык зомбулукка кабылганына көңүл бурулду.

Окуучулар, мугалим жана медицина кызматкрелерин акча үчүн уурдоо жана мектептерге карата кол салуулардын күч алгандыгы белгиленген билдирүүдө «бандалык зомбулуктан» улам он миңдеген кишинин жер которгондугу маалымдалды.

Маалыматта : «Порт-о-Пренстин борборундагы көптөгөн балдар жана жаштардын коргонуу же  үй-бүлөлөрүн тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн куралдуу топторго кошулууга аргасыз болуп жатканын айтышууда”, — деп билдирилди.

Ошондой эле Гаитиде бандалардын зомбулук аракеттеринен улам өлкөдө күчөгөн ачарчылык жана жетишсиз тамактануу себебинен 3 миллионго жакын баланын гуманитардык жардамга муктаж экендиги белгиленди.

Гаитидеги социалдык толкундоолор 2021-жылдын июль айында президент Жовенел Моиздин өлтүрүлүшү, ошол эле жылдын август айында 2 миң 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган 7,2 баллдык жер титирөө, инфляция, холера, адам уурдоо жана зордук-зомбулуктун күч алышы  менен акыркы жылдарда олуттуу күч алды.

Комментарий жиберүү