Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 26-октябрда билдирүү таратып, Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
Маалыматта Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта экени белгиленет.
ТИМдин 26-октябрда тараткан дагы бир билдирүүсүндө Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирери айтылат.
“Кыргызстан тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат. Кыргызстан дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт”,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 26-октябрда Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына сокку урган. Иран бийлиги Израилге жооп берүүгө даяр экенин билдирип, республиканын Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдан чектелген зыян келтирилгенин белгиледи.