Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эмнени сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *