New York Times: Израилге каршы глобалдык “онлайн” нааразычылык акциялары өсүүдө

New York Times гезити жазгандай, бул нааразычылыктар Израиль режиминин аракеттерине каршылыгын билдирүү максатында Араб өлкөлөрүндөгү көчө демонстрацияларын алмаштырууда.

Аталган гезит, сионисттик режимдин Газадагы иш-аракеттерине шилтеме берип,  бул операциялар Палестинага кибер мейкиндикте колдоо көрсөтүүнү кеңейтти деп билдирди.

Белгилей кетсек, 1948-жылдан баштап, сионисттик режимдин басып алуусуна каршы Палестинанын бардык аймактарында жалпы иш таштоо башталган, демонстрацияларга миңдеген адамдар катышкан. Израиль күчтөрүнүн митингге чыккандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим октордун колдонуулары Иордан дарыясынын Батыш жээгинде кеминде 11 миң палестиналыкты жарадар кылды.

Ошондой эле Израилдик аскерлер ок атуучу курал колдонгондугу жөнүндө маалыматтар бар.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-майында Чыгыш Кудстагы Шейх – Жаррах аймагынан араб үй-бүлөлөрдүн сионисттик күчтөр аркылуу чыгарылуусунан улам абал мурдагыдан да чыңала түштү.

Израилдин тынымсыз чабуулдарынан Газанын 200дөн ашуун тургуну курман болду.

Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынын натыйжасында Авкаф (Диний менчик) жана Дин иштери министрлигинин имараты талкаланды.

Өкмөттүн дагы бир имараты – Эмгек министрлиги Израилдин аба соккусунан кыйрады. Социалдык коргоо министрлигинин имараты олуттуу зыянга учурады. Ошондой эле Катардын Палестинадагы “Кызыл жарым ай” имараты соккудан жабыркаган.

Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан келтирилген чыгым болжол менен 244 млн. долларды түздү.

Палестина-Израиль тиреши ири диний согушка айланып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Палестинанын Президентинин дин иштери боюнча кеңешчиси Махмуд ал-Хаббаш билдирген.

Анын айтымында, Израилдин Кудстагы ыйык жерлерди бузушуна жана ошондой эле жөөт отурукташуучуларынын экстремисттик аракеттерине байланыштуу диний согуш чыгып кетиши мүмкүн.

Ал эми Палестинадагы чыңалууда Израиль тарапты колдогон АКШ “Израиль-Палестина” жаңжалын чечүүнүн эң натыйжалуу жолу “Тынч дипломатия”, тагыраак айтканда Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөр менен көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр болот деп эсептейт. Бул тууралуу Ак үйдүн пресс-катчысы Джен Псаки билдирди.
 

«Биз буга зордук-зомбулукту токтотууга жана кырдаалдагы чыңалууну азайтууга кандайча жардам бере алабыз деген призмадан карап жатабыз. Учурда жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр, Израиль жана башка региондогу өлкөлөр менен маанилүү стратегиялык өнөктөштүктү колдонуу эң конструктивдүү жол деп ойлойбуз. Биз тынч жана интенсивдүү дипломатиянын жардамы менен эң натыйжалуу боло алабыз деп эсептейбиз », – деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы.

Ошол эле учурда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израиль менен Палестинанын ортосундагы кырдаал боюнча кандайдыр бир билдирүү боюнча бир пикирге келүүгө жол берилбейт, бул маалыматтуу булактардын айтымында, АКШнын позициясы.

Эске салсак, буга чейин президент Жо Байдендин партия мүчөлөрүнүн арасынан Ак үйдү Израилдин аракетин айыптоого чакырышкан. Азырынча Вашингтон Израилдин “өзүн-өзү коргоо укугун” гана жарыялады.

Комментарий жиберүү