Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары Бишкектеги тополоңду талкуулашты

Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ ж. б. алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти.

Кулубаев 18-майда Бишкек шаарында Пакистандын жарандарын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда кыргыз тарап чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, анын ичинде Пакистан Ислам Республикасынын аймагында аталган окуя жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу жалган жана такталбаган маалыматтар жайылып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирип, тастыкталган маалыматты пайдалануунун, ошондой эле Пакистандын маалымат мейкиндигинде Кыргыз-Пакистан мамилелерине зыян келтириши мүмкүн болгон жалган маалыматтарды жана басылмаларды токтотуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал эми  М. Дар кыргыз бийлигинин коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин КР аймагындагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгы үчүн толук түшүнүү жана ыраазычылык билдирип, бул багытта жигердүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйждасында маалымат алмашуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, ошондой эле жакынкы арада Бишкек шаарында КР жана ПИР ортосунда консулдук-укуктук маселелер боюнча ТИМдер аралык кеңешмелерди уюштурууну макулдашышты.

Жаңжалдын чоо-жайы

17-18-май күндөрү Бишкекте пакистандык жарандар менен кыргыз жаштарынын ортосунда келишпестик жаралып, натыйжада бул окуя масштабдуу мушташка айланган. Мушташ учурунда 29 чет өлкөлүк ар кандай жаракат алган.

Ошол эле күнү Пакистандын өкмөтү бул окуяга реакция жасап, өкмөт башчысы Шебхаз Шариф мекенине кайтууну көздөгөн жарандарын өкмөттүн эсебинен алып келүүнү тапшыргандан кийин 19-майда 130 студент атайын учак менен Пакистанга кеткен. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Навки тосуп алган. Пакистандын дагы 500дөн ашуун студенти чыгып кетээри күтүлүүдө жана жалпысынан 670 киши болоору маалымдалды.

Бул окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барып, пакистандык студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Э. Байсалов болуп өткөн окуя боюнча териштирүүлөр дагы уланып, күнөөлүүлөр аныкталып, жазалана турганын кошумчалап, студенттер менен мугалимдерден кечирим сураган.

Мындан тышкары, кыргызстандыктардан түзүлгөн атайын ыктыярчы топтор пакистандык жарандардын жатаканасына барып, алардын абалы менен таанышып, азык-түлүктөр менен камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда. Бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35% ын түзөт. Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар.

Комментарий жиберүү