Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту

Бул тууралуу 8-июнда Түркиянын Коргоо министрлиги Твиттерге жазды. Анда министр Хулуси Акар “Эфес 2022” аскердик машыгуулардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Измир шаарында жолукканы кабарланды.

https://twitter.com/tcsavunma/status/1534514853708283911?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1534514853708283911%7Ctwgr%5E%7Ctwcon%5Es1_&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.azattyk.org%2Fa%2F31889232.html

Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу,коопсуздук маселелери, өзгөчө аскердик машыгуу жана коргонуу өнөр жайы боюнча пикир алмашуу болгону айтылат.

Түркиянын эң чоң “Эфес-2022” аскердик машыгуу иш-чарасына быйыл 37 өлкөнүн аскерлери катышууда. Измир шаарында өтүп жаткан машыгуунун биринчи этабы 9-майда башталган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда машыгууларга катышары да кабарланды.

Былтыр декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган.

Кыргызстан Түркиядан “Байрактарды” алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан. 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *