Орусия Харьков шаарына ракеталык сокку урду

Орус күчтөрүнүн кечээ кечинде өлкөнүн чыгышындагы Харьковго ракеталык кол салуусунда шаардын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрүү пункту жана ага жакын жарандык инфраструктуралар талкаланды.

Орус күчтөрү Украинанын Харьков шаарына эки жолу ракеталык чабуул жасап, эки киши каза болду.

Орус күчтөрүнүн кечээ кечинде өлкөнүн чыгышындагы Харьковго ракеталык кол салуусунда шаардын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрүү пункту жана ага жакын жарандык инфраструктуралар талкаланды.

Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын башкы башкармалыгынын Харьков бөлүмүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00 чамасында болгон ракеталык кол салууларда 2 кишинин каза болгону, 4 кишинин жараланганы белгиленди.

Шаардын борборунда жайгашкан Новобаварский районундагы жардыруулардан үйлөр, устаканалар, кампалар, ресторан жана мектеп китепканасы талкаланды.

Комментарий жиберүү