Испанияда өрттөн улам 3 миңден көп киши эвакуацияланды

Испаниянын түштүгүндөгү токойлорду өрт каптады. 9-июндагы маалыматка караганда, кооптуу аймактардан 3 миңден көп киши эвакуацияланды. Тилсиз жоо менен күрөшкө 500дөн көп өрт өчүрүүчү, авиация тартылды.

Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок. Ал аймактагы катуу шамал өрттү чектөөгө тоскоол болууда.

Өрт Андалусиядагы Пухерра тоолорунда тутанган. Бийлик элди көчүрүү ишин шаршембинин кечинде баштады. Жараат алган 3 өрт өчүүрүчү ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Синоптиктер Испаниянын ал бөлүгүндө алдыңкы күндөрдө ысык болорун, абанын температурасы 30 градустан ашарын болжолдошот.

Комментарий жиберүү