Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров талаштуу чек ара аймактары боюнча маселеге биротоло чекит коюшту. Акыркы жылдары Ташкент коңшулары: Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча активдүү иш алып барууда.
Эске сала кетсек, Өзбекстан Борбор Азиянын төрт мамлекети менен тең чек арасы бар аймактагы жалгыз өлкө. Ошондуктан, Ташкент бүгүнкү күнү коңшулары менен чек ара маселесин чечкени жатат.
Муну өткөн жолугушуулар тастыктап турат: январдын аягында Өзбекстан менен Түркмөнстан чек араны тактоо боюнча 3 жыл мурда үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү кайра жандантты. Ал эми андан мурдараак, 2022-жылдын аягында Ташкент менен Астана чек ара боюнча келишимге кол коюуга даяр экендиктерин билдиришкен.
Былтыр ноябрда биргелешкен өзбек-тажик комиссиясы чек ара карталарын түзүүнүн технологиялык процессин талкуулаган. Мамлекеттик чек аранын узундугу 1326 чакырым болсо, анын 1319 чакырымы толук такталган.
Бүгүнкү күнү Өзбекстандын Тажикстан менен сүйлөшүүлөрү кандай жүрүп жатканы тууралуу “Ma’no” изилдөө демилгелери боюнча борбордун директору Бахтиёр Эргашев “Eurasia Today” агенттигине берген маегинде айтып берди.
– Кыргызстан менен чек ара маселелерин чечкен Өзбекстандын Тажикстан менен дагы эле чек ара маселелери бар. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара чатагы Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу аймактарды тез арада чечүүгө салым кошо алабы?
– Өзбекстан өзүнүн жакшы коңшулук тышкы саясатынын алкагында коңшу Тажикстан менен мамлекеттик чек аранын талаштуу тилкелери боюнча сүйлөшүүлөрдү абдан жакшы темпте жүргүзүүдө.
2023-жылы талаштуу аймактардын олуттуу бөлүгү макулдашылып, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процедурасы башталышынын ыктымалдуулугу өтө жогору. Кыргызстан менен чек ара маселеси толук чечилди. Эгер Тажикстан менен бул маселе жакын арада бүтсө, Өзбекстандын коңшулары менен талаштуу чек аралары болбойт, анда социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерди баштоого болот.
– Кыргыз тараптын Тажикстан менен чек арасын жаап салышы Душанбени Өзбекстанга көз каранды кылып коюшу мүмкүнбү?
– Мындан 10 жыл мурун Өзбекстан менен Тажикстандын чек араларынын жабылышын карап көрсөк, анда соода агымынын Кыргызстанды көздөй кетишине алып келген эмес. Демек, бул учурда да толугу менен монополия болбойт. Душанбе өзүнө керек болсо өлкөнүн түндүк аймагы аркылуу иштөөгө мүмкүнчүлүк табат деп ойлойм. Анткен менен Өзбекстан менен чек ара соода-экономикалык байланыштарды арттырууга жаңы дем алаарын моюнга алуу керек. Азыртадан эле чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде соода жүгүртүүнүн азайышы байкалууда жана албетте, анын белгилүү бир бөлүгү Өзбекстан менен чек арага жөнөтүлгөн.
Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаал канчалык оорлосо, соода агым ошончолук өзбек тарапты көздөй жылат. Бул Тажикстан үчүн жакшыбы же жаманбы, аны өздөрү чечет.
– Өзбек-тажик мамилелеринин келечеги кандай?
– Бул жагынан алганда Тажикстан менен мамилебиз 90-жылдардын башында эле татаал болчу. Анда Өзбекстан жарандык кагылышууда жеңип чыккан Тажикстандагы тараптардын бирин колдогон. Бирок бул узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн бекем негиз түзө алган жок. Анткени, Рогун ГЭСинин курулушу эки тараптуу мамилелердин тарыхын караңгылаткан.
Ал тургай Ташкен Тажикстанга транспорттук блокада да киргизген, бирок 2017-жылы Өзбекстан ГЭСтин курулушуна каршы пикирин кайтарып алуу боюнча принципиалдуу чечим чыгарган. Өзбек-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги нерсе жоюлуп, чек аралар ачылып, транспорттук блокада жоюлган. Мунун аркасында 2017-2021-жылдардагы үч жылдын ичинде эки өлкөнүн соода алакасы дээрлик 10 эсеге өстү. Алар мындан ары да өсөт деп ойлойм.
Өзбекстан менен Тажикстандын бир катар биргелешкен долбоорлору бар: Зеравшан дарыясында ГЭС куруу (курулушту Ташкент каржылайт, ал эми электр энергиясын Душанбе камсыздайт). Мындай долбоорлор көп болушу керек, алар болот деп ойлойм. Эки тарап тең ар кандай товарларга өз ара кызыкдар. Тажикстан тышкы рынокко чыгуу үчүн Өзбекстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк колдонот. Анткени өзбек темир жолдору Тажикстандын экспорттук продукциясынын негизги магистралдык дарбазасы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө өзбек-тажик мамилелеринин динамикасы абдан позитивдүү, ал ар түрдүү тармактарда эки тарапка тең пайдалуу. Ошонун негизинде бул мамилелер мындан ары дагы тереңдейт жана өнүгөт.