Акыркы бир жылда миңдеген адамдын өмүрүн алган ири жер титирөөлөр

 Акыркы учурларда жаратылыш кырсыгынан бир топ өлкөлөр жабыркап, ар кандай жоготууларга дуушар болуп жатышат.

РИА Новости 2022-2023-жыл аралыганда дүйнөдө катталган эң ири жер титирөөлөрдү тизмектеди.

2023-жыл. Түркия жана Сирия

Кечээ, 6-февралда Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 37 чакырым алыстыкта, он чакырым тереңдикте болгон.  

Зилзаланын кесепетинен 912 адам каза болуп, дагы 5385 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми Сирияда жер титирөөдөн 326 адам каза болуп, миңден ашуун адам жаракат алган.

Жер титирөө Сириянын бир катар провинцияларында, ошондой эле Ливан менен Иракта да сезилди. Зилзаладан Түркия менен Сириянын ар кайсы шаарларда жүздөгөн имараттар урап калды.  

Иран

28-январда Ирандын түндүк-батышында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын  очогу Хой шаарынан 34 чакырым түштүк-чыгышта, 10 чакырым тереңдикте болгон. Андан кийин дагы 25 кайра силкинүүлөр катталган. Табигый кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 1167 адам жаракат алган.

Индонезия

9-январда Индонезиянын жээктеринде күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал 39,5 миң калкы бар Малуку провинциясындагы Туал кыштагынан 341,1 чакырым түндүк-чыгышта катталып, 95,2 километр тереңдикте болгон.

Вануату

8-январда Вануату жээгинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кырсык болжол менен 1,9 миң калкы бар Порт-Олри кыштагынан 23 чакырым түндүк-батышта катталып, 27,7 километр тереңдикте болгон. Жер титирөөдөн улам өлкөдө цунами коркунучу жарыяланган.

2022-жыл

Тонга падышалыгы

4-декабрда Тынч океандагы Тонга падышалыгына жакын жерде күчү 6,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын эпиборбору Хихифо кыштагынан 108 чакырым алыстыкта жайгашып, очогу 36 километр тереңдикте экени айтылган.

11-ноябрда Тонга аралдарынын жээгинде күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын эпиборбору Неяфу шаарынан 220 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Очок 33 километр тереңдикте болгон. Жер титирөөдөн улам бул өлкөдө цунами коркунучу жарыяланган болчу.

Индонезия

21-ноябрда Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы Чианжур округунун түштүк-батышында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кырсыктан 250дөн ашууна адам мерт болуп, 31 адам дайынсыз жоголуп, дагы 377 адам жаракат алган. Ошондой эле, бул жер титирөө кеминде бир айылды каптаган жер көчкүгө алып келген. Маалым болгондой, кырсыктан 2300дөн ашык үй толугу менен талкаланган.  

Филиппин

25-октябрда Филиппинде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу 10 километр тереңдикте болгон.

27-июлда Филиппинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен 10 адам каза болгон. Жалпысынан жер титирөөдөн 314 миңден ашуун адам жабыркаган.

Иран

5-октябрда Ирандын Батыш Азербайжан провинциясындагы Хой кыштагынан 15 чакырым түштүк-чыгышында күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу беш километр тереңдикте болгон. Жер титирөөдөн кийин дагы 30га жакын силкинүүлөр катталган. Зилзаладан 1,1 миңден ашуун адамдан жабыркап, 500дөн ашык турак жай имараттары олуттуу зыянга учураган.

2-июлга караган түнү Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) Ирандын түштүгүндө күчү 6 баллга жеткен жер титирөөнү катталганын билдирген. Жер титирөөнүн очогу Хормозгандагы Бендер-Ленге шаарынан 61 чакырым түндүк-чыгышта болгон. Биринчи жер титирөөдөн кийин эки сааттын ичинде аймакта күчү 4,2ден 6,2ге чейин болгон бир нече жер силкинүүлөр катталган. Анын кесепетинен 5 адам каза болгон.  

Мексика

19-сентябрда Мексиканын батышында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, 1 миллион 200 миңге жакын электр керектөөчү жарыксыз калган. Анын кесепетинен 2 адам каза болгон. Биринчи жер титирөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде кайра 1400дөн ашык жер силкинүүлөр катталган.

Тайван

18-сентябрда Тайванда күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кырсыктан курман болгондор тууралуу маалымат айтылган эмес.

Вануату

14-сентябрда Вануату жээгинде катуу жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, анын күчү 6,7 баллды түзгөн. Жер титирөө Исангел шаарынан 209 чакырым түштүк-чыгышта катталган. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Папуа-Жаңы Гвинея

11-сентябрда Папуа-Жаңы Гвинеянын чыгышындагы Вау шаарынан 123 чакырым түндүк-батыш тарапта жер титиреп, очогу 61 чакырым тереңдикте жайгашкан. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, күчү 7,6 баллга жеткен. Анда 10 адам жабыркаган.

Кытай

1-июнда Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Яань шаарынын округуна караштуу Лушан округунда болуп, 17 чакырым тереңдикте болгону айтылган. Анда 4 адам каза болуп, 40тан ашууну жарадар болгон.

5-сентябрда Сычуань провинциясынын (Кытай) Гардзе-Тибет автономиялык префектурасынын Лудинг (Жагсамка) округунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн кесепетинен 243 жеке турак жай жана эки коомдук имарат урап, 13 миңден ашык жеке турак жай жана 142 коомдук имарат жараксыз абалга келген. Курман болгондордун саны 90дон ашып, 25 адам дайынсыз болгон.

Эквадор

15-июлда Эквадордун Гуаякил шаарынын түндүгүндө катуу жер титирөө болгон. Күчтүү жер титирөө Китонун борбору Гуаякил, Санто-Доминго, Амбато, Сигчос жана Куэнка шаарларында сезилген. Негизги силкинүүнүн күчү 6,1 баллга жеткен. Андан кеминде 1 адам каза болуп, 90дон ашуун имарат ураган.

25-июлда Эквадордун Карчи провинциясындагы Сан-Габриэль шаарында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепетинен кеминде 8 адам жабыркап, 334 үй жабыркаган.

Ооганстан

21-июнда Хост шаарынан 44 чакырым алыстыкта 6,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөдөн 255 адам каза болуп, 150дөн ашууну жарадар болгон.

18-июлда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактика провинциясында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Курман болгондордун саны 30дан ашкан.

Босния жана Герцеговина

23-апрелде Босния жана Герцеговинанын түштүгүндө, Столак шаарынан 20 чакырым чыгышта жер титирөө болуп, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.  

Гаити

24-январда Гаити аймагында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзаланын очогу 10 чакырым тереңдикте болгон. Биринчи силкинүүдөн кийин күчү 3,7 баллга жеткен экинчи сейсмикалык силкинүү болгон. Анын кесепетинен 52 адам жабыркап, экөө каза болгон.

Комментарий жиберүү