Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн курман болгондор 1200дөн ашты

 Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты.

Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады.

Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын Сирияда болжол менен 320 адам набыт болгонун кабарлады.

Эрдоган ошондой эле Түркияда кеминде 5383 киши жарадар болгонун айтты. Сирияда дагы ондогон адамдар жарадар болгон.

Урандылардын астында дагы адамдар бар.

АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынын жанында, 17,9 чакырым тереңдикте болгонун кабарлаган.

Түштөн кийин аймакта дагы бир жолу жер силкингени айтылууда. Жердин силкинүүсү өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Анкара шаарында да байкалган.

Комментарий жиберүү