Өзөктүк жаңжал болушу мүмкүн: Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

 Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинен 8-февралда Украина боюнча чукул жыйын өткөрүүнү суранды.

Бул тууралуу ушул айда Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Мальтанын туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер маалымат жыйында билдирди.

Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский өзүнүн Telegram-каналында орус тарап бул датага жолугушууну суранганын тастыктады.

Полянский баса белгилегендей, жыйын “батыштын курал-жарактары көбөйүп жаткан шартта украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуунун келечегине” арналат.

Москва Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнүн натыйжасында Донбасста күн сайын адамдар өлүп жатканын билдирди.

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюмундагы куралсыздануу боюнча конференциянын пленардык жыйынында орус делегациясы өзөктүк державалардын ортосундагы куралдуу кагылышуу коркунучу бар экенин эскертти.

“Украинадагы согуштук тирешүүгө курал-жарак берүү, жалданма аскерлерди даярдоо, чалгындоо маалыматтарын берүү аркылуу тереңдетилген кийлигишүүсү менен Франция, АКШ жана Улуу Британия өзөктүк державалардын тикелей куралдуу кагылышуусуна реалдуу коркунучтарды жаратууда”, – деп белгилешти дипломаттар.

Былтыр декабрда жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо кеңешинин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин дүйнөдө өзөктүк согуш коркунучу күчөп жатканын баса белгилеген.

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер Киев америкалык көп ракеталык системаларды колдонсо, анда Москва сокку урарын кесе айткан.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков өлкө массалык кыргын салуучу куралды (WMD) колдонууга жооп иретинде өзөктүк куралды колдонууга уруксат берип жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Вашингтондун Москва үчүн стратегиялык жеңилүү курсу дүйнөнү катастрофалык сценарийге алып барарын эскертти.

Ошондой эле 24-февралда Россиянын Украинадагы атайын операциясынын башталышынын бир жылдыгына карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтмөкчү. Ага Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышат.

Белгилей кетчү жагдай, бул жолугушууда Украина боюнча резолюцияларды кабыл алуу каралган эмес.

Комментарий жиберүү