Жапаров Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдөн бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын билдирген. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп.

Жер титирөөдө бир топ имарат, турак жай кыйрады. Мындан улам каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Сирия менен чектеш аймакта, Кахраманмараш шаарынын жанында, жети чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.

Комментарий жиберүү