Түркияга 54 мамлекет жардам колун сунду. Кыргызстандагы куткаруучуларды жөнөтөт

 Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн улам Түркияга атайын куткаруучу топ жиберет.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

“Түркиянын бир нече аймагында катталган жер титирөө кырсыгынын кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу жиберилет”, – деп айтылат маалыматта.

Адам өмүрүн алган жер титирөөдөн улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат Жапаровдун көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, бүгүн, 6-февралда, Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Газиантеп аймагынан түштүк-чыгышты карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан.  

Бул аймак Сирия менен чектешкен аймактан анча алыс эмес жайгашкан. Ал эми Сирияда болгон жер титирөөдө 336 адам каза таап, жаракат алгандардын саны 1000ден ашты.

Силкинүү Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфага чейин жеткен.

Түркиянын президенти Тайып Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн 912 адам каза болуп, дагы 5385 адам жабыркаганын билдирди.

Вице-президент Фуат Октай катуу жер титирөөдөн Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор менен жабыркагандар көп экенин билдирди.

Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.

Зилзалага байланыштуу Түркияга жардам көрсөтүү боюнча сунуштар 45 өлкөдөн, ошондой эле Евробиримдиктен жана НАТОдон түшкөн.

Комментарий жиберүү