Лавров: Батыш өзүнүн көз карашындагы уюмдарды Борбор Азияга сиңдирүүгө аракет кылууда

Батыш америкалык, европалык, ал тургай НАТОлук көз караштагы бейөкмөт уюмдарды Борбор Азиянын айдыңына сиңдирүүгө аракет кылууда.

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Россия 24” менен РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Батыштын Борбор Азияда өз таасирин орнотуу аракетине ал жактан жооп болбой жатат. Ал Москва Батыштын бул аракеттерин Борбор Азиядагы өнөктөштөр менен дипломатиялык линиялар аркылуу ачык талкуулап жатканын айтты.

“Биз муну Борбор Азиядагы достор менен тышкы иштер министрлигиндеги жана коопсуздук кызматтарындагы линиялары менен ачык талкуулап жатабыз, анткени бул мамлекеттердин коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу”, – деди ал.

Лавров белгилегендей, Батыш Россиянын коңшулаш мамлекеттер менен достук алакаларынан күмөн санатуу үчүн бир нече жылдан бери Борбор Азия мамлекеттеринин айдыңына “америкалык, европалык, НАТОлук, атүгүл бейөкмөт уюмдарды  сиңдирүүгө аракет кылып келет.

Министрдин айтымында, Батыш бул аракеттерине жетүү үчүн «жумшак күч» куралдарын колдонууда.

“Бирок Батыштын бул аракеттери олуттуу колдоого алынды деп айтууга эч кандай негиз жок. Биздин коңшулар, союздаштар, стратегиялык өнөктөштөр бул оюндардын баарын көрүп жатат”, – деди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Мындан тышкары, ал Россиянын союздаштары, атап айтканда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөр Батыштын жол бербөө аракетине карабастан, жаңы интеграциялык пландарды иштеп чыгууну каалашарын билдирди.

Лавров 1-февралда ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын эл аралык иштер боюнча комитеттеринин жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнүн айтты.

“Биздин достор Батыш биздин жалпы мейкиндикте кандай максаттарды көздөп жатканын жакшы түшүнүп жатканын көрүп жатабыз”, – деп белгиледи ал.

Анын айтымында, ЖККУга мүчө өлкөлөр Батыштын таасирине кирбеген, сырттан келген мыйзамсыз таасирлерден корголгон формаларда интеграциялык пландарды андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылган кошумча механизмдерди түзүүнү каалашат.

Комментарий жиберүү