АКШ Россияга Украинанын 20%ын берүүнү сунуштаганбы?

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Уильям Бернс расмий Киевге тынчтык келишимин орнотуу үчүн Украинанын 20 пайызга жакын аймагын орус тарапка өткөрүп берүүнү сунуштаган.

Бул тууралуу “Neue Zürcher Zeitung” гезити атын атабаган жогорку даражалуу булактарга таянуу менен жазды. 

Москва менен Киевге мындай сунуш менен кайрылууну январдын ортосунда АКШнын президенти Жо Байден чалгын кызматынын башчысына тапшырган.

Басылманын маалыматына алайык, бул сунуштан эки тарап тең баш тартышкан.

Бернс миссиясы ишке ашпай калгандан кийин гана Байден Украинага Абрамс танктарын берүүнү чечти, деп жазган басылманын авторлору. 

Өз кезегинде, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлүнүн орун басары Шон Дэвит жогорудагы NZZ гезити жазган макала “чындыкка дал келбейт” деп билдирди. 

Россия 24-февралдан бери Украинада аскердик атайын операция жүргүзүп жатат. Владимир Путин муну “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан куугунтукка жана геноцидге дуушар болгон жарандарды коргоо милдети” деп атады.  

Путиндин айтымында, операциянын түпкү максаты – Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берүүчү шарттарды түзүү. Буга чейин Путин Батыш Россияны кыйратуу үчүн Украинада Россияга каршы анклав түзүүгө аракет кылып жатканын айтып, буга жол бербөө үчүн атайын операция башталганын билдирген. 

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров белгилегендей, эч ким Киевди Москва менен сүйлөшүүлөргө кайтуу зарылдыгына ынандырууга аракет кылбайт. Украин лидери Владимир Зеленский да өзүн көз каранды фигурадай сезип, аны манипуляциялап жатканын түшүнөрүн кошумчалады.

Комментарий жиберүү