Ливиянын ТИМ башчысы 13 жылдан бери биринчи жолу Иранга барды

 Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Ливиянын тышкы иштер министри Нажла Манкушту Тегеранда кабыл алды. Ал Иранга 13 жылдан бери биринчи жолу келди, деп билдирет Fars News агенттиги.

Манкуш Тегеранга ирандык кесиптешинин чакыруусу менен келген.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Абдоллахиан Ирандын Ливия менен мамилесин кеңейтүүгө, анын ичинде он эки жылдык жарандык кагылышуулардан кийин өлкөнү кайра курууга керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.Министрлер ошондой эле Ливиянын Ирандагы дипломатиялык миссиясынын элчи деңгээлине көтөрүлүшүнө канааттангандыктарын билдиришип, мамлекеттер ортосундагы кеме аркылуу жүк ташуу линиясынын кайра жанданышын кубатташты.Fars News агенттиги билдиргендей, акыркы жылдары Ливиядагы ички окуялардан улам Ирандын Триполиде туруктуу элчиси болгон эмес, бул өлкөдөгү Ислам Республикасынан милдеттерди Ирандын Тунистеги элчиси аткарып келген.Бирок бир нече ай мурун Иран Ливиядагы элчилигин кайра ачууну пландап жатканын, ага байланыштуу Триполиге дипломатиялык делегация жөнөтүлгөнүн жарыялаган.

Комментарий жиберүү